Кыргызстандын жана Кытайдын желектери. Архив

Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жактан жардам кылып, грант бөлөт

111
(жаңыланган 23:11 31.05.2021)
Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам берерин президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мындай чечимди коңшу мамлекеттин жетекчилиги Сиань шаарындагы буга чейинки эки тараптуу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгынан кийин кабыл алган.

Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын жана 350 млн. юань (54 млн. доллар чамасында) грант түрүндө бөлүү маселесин чечкен. Бул каражат өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшоо пландаштырылып жатканы кабарланды.

"Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө чечими кабыл алынган. Аны менен катар эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу, тагыраагы, КРге гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди", — деп маалымдашты администрациядан.

Кыргыз тарап Кытайга өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген. Президенттик администрациядан Кыргызстандын эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдиришкен.

111
Белгилер:
жардам, грант, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Бейшеналиев: Кытайдан Sinopharm вакцинасын алып келүү маселеси чечилди
Кытай Кыргызстанга аскердик унаа жана техника берди. Сүрөт
Кумтөр алтын кени. Архив

Кумтөрдө кошумча бургулоо иштери жасалат

86
(жаңыланган 11:13 25.06.2021)
Кенде айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын таасирин азайтуу үчүн тереңдетилген анализ жүргүзүүнү пландап жатышат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Кумтөрдө" алтын кенди иштетүүнүн старатегиясын өзгөртүү боюнча планды иштеп чыгуу каралууда. Бул туурасында аталган компаниянын бүгүн жарыялаган отчетунда айтылган.

Стратегияда келечектеги техникалык-экономикалык негиздемелердин негизинде кенди жердин алдынан казуу ыкмасы каралган. Учурда тоо шартында жүргүзүлгөн иштери канчага турары, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча тереңдетилген анализ жасалууда.

"Кошумча геологиялык чалгындоо жана геотехникалык бургулоо иштери керек болот. Июнда компания жаңы коюлган талаптар менен кенде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн коммерциялык сунуштарды кабыл алуу туурасында жарыя берүүгө ниеттенип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү отчетто кендин мурдагы тартип менен иштеп жаткандыгы, салык жана бюджеттик төлөмдөрдү которууда үзгүлтүк болбогону кабарланды.

86
Белгилер:
жарыя, экология, алтын, Кумтөр
Тема боюнча
"Кумтөр": товарларды жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн алганга аракет кылабыз
Кумтөрдөн практика жана стажировкадан өтүү үчүн берилген орундар көбөйдү
"Кумтөр" Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башка эреже менен иштетүүнү сунуштады
Кумтөр алтын кени. Архив

"Кумтөр": товарларды жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн алганга аракет кылабыз

64
(жаңыланган 11:35 25.06.2021)
"Кумтөр" материалдарга, кызмат көрсөтүүлөргө, товарларга болгон стратегиялык муктаждыгы боюнча ар тараптуу анализдөө иштерин баштаганы айтылат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Чет өлкөдөн жергиликтүү өндүрүшчүлөрдө жок гана товарларды сатып алабыз деп айтылган "Кумтөр голд компани" жарыялаган маалыматта.

Алар ишканага тышкы башкаруу киргенден берки кандай иштер жасалганы туурасында отчетту бүгүн коомчулукка сунуштады.

"Учурда компания материалдарга, кызмат көрсөтүүлөргө, товарларга болгон стратегиялык муктаждыгы боюнча ар тараптуу анализдөө иштерин баштады. Алардын сапатын, атаандаштыкка туруштук беришин жана товар жеткирүүчүлөрдүн келишимде айтылгандарды өз учурунда аткарышын да карайт. Компания жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын сатып алууга басым жасайт. Ал эми чет жактардан өлкөнүн ичиндеги ишканалардан сатып алууга болбой турган нерселерди гана алып келебиз", — деп айтылган маалыматта.

Алар сатып алуулар боюнча кулактандыруу "Кумтөр голд компани" ишканасынын сайтына жарыяланарын билдиришти.

64
Белгилер:
сатып алуу, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
"Кумтөргө" тышкы башкаруу киргенден бери алтын канчага сатылганы айтылды
"Кумтөр" Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башка эреже менен иштетүүнү сунуштады
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев на пресс-конференции о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня (ядовитое растение)

Элчи менен сүйлөшкөнбүз. Министр Бейшеналиев QazVac вакцинасы тууралуу

0
Буга чейин Бейшеналиев өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Көп өтпөй коңшу өлкөнүн өкмөтү бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасы боюнча боюнча түшүндүрмө берди.

"Биз Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшкөнүбүздө вакцина берилет деп айткан", — деди министр.

Эске салсак, Бейшеналиев өтүп бара жаткан жуманын ичинде өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Болгондо дагы жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келерин баса белгилеген.

Көп өтпөй коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты төгүндөгөн. Алар Казакстан жакынкы айларда эч бир өлкөгө коронавируска каршы QazVac вакцинасын бербей турганын, бул тууралуу сөз дагы болбогонун билдиришкен.

0
Белгилер:
вакцина, Казакстан, коронавирус, Алымкадыр Бейшеналиев