МУрдагы президент Курманбек Бакиев. Архив

Бакиров: менчиктештирилген айрым мүлктүн мамлекетке бир тыйын пайдасы жок

143
(жаңыланган 14:48 01.06.2021)
Мирлан Бакировдун айтымында, республика эгемендүүлүккө жеткенден бери менчиктештирилген кээ бир ишканалар туруп калып, уурдалып жатат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Учурда мамлекеттик мүлктүн кайсы бир бөлүгүнөн пайда деле жок. Анын ичинде Бакиевдин үй-бүлөсүнүн улутташтырылган активдери бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Ага эмне себептен мамлекет үчүн учурда менчиктештирүү маанилүү болуп жатканы боюнча суроо узатылды.

Бакировдун айтымында, республика эгемендүүлүккө жеткенден бери кээ бир ишканалар туруп калып, уурдалууда. Ал улутташтырылган мүлктөрдү мисал келтирди.

Председатель Фонда управления государственным имуществом (ФУГИ) Мирлан Бакиров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров
"Бакиевдин, Кадыржан Батыровдун жана башкалардын… Мүлктөр жылдап турат, салык төлөнүүдө. Бирок мамлекетке, ишканаларга же ишкерлерге бир дагы пайдасы жок", — деди Бакиров.

Ал ошондой эле келечеги бар объектилер болгону менен аларга акча салуу керектигин, бирок бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жатканын белгиледи.

"Эксперттер мамлекет начар менеджер экенин айтып келишет. Мен бул пикирге кошулам... Өткөн жумада Ысык-Көл облусундагы эс алуу үйлөрү менен санаторийлерди көрүп келдим. Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик санаторийлер чыгымга учураса ошонун жанындагы эле менчик пансионаттар гүлдөп-өсүп жатат", — деди Бакиров.

Кадыржан Батыров Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун лидери болгон. Жогорку сот тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 2010-жылдын 10-июнунда этностор аралык кастык жараткан деп айыпталып издөө жарыяланган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал Швециядан баш паанек алган. 2018-жылы көз жумган.

143
Белгилер:
менчиктештирүү, Курманбек Бакиев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Кыргызстан
Тема боюнча
Өлкө менчиктештирүүдөн канча киреше көрөт? Маммүлк башчысынын жообу
Алтын куймалары. Архив

Өлкөнүн алтын запасы бир айда 16,6 миллиард сомго арзандады

31
(жаңыланган 10:47 24.06.2021)
Эл аралык валюта резерви ондогон валютадан жана алтындан турат. Алар Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга жардам берет.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Май айына карата Кыргызстандын алтын запасы 16 миллиард 644,1 миллион сомго арзандады. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтына жайгаштырылган.

Ушул жылдын 1-майында алтындын кору 99 миллиард 33,7 миллион сомго бааланса, июндун башында 82 миллиард 389,6 миллион болуп калган. Эмнеге наркы түшүп кеткени айтылган эмес. Анткен менен дүйнөлүк рынокто майдан июлга чейин алтынга карата баа унциясы үчүн 100 долларга кымбаттаган.

Белгилей кетсек, апрелден майга чейин рекорддук көрсөткүч катталып, запас 22 миллиард сомго кымбаттаган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

31
Белгилер:
арзандоо, запас, валюта, алтын, Улуттук банк
Тема боюнча
Эмдиги жылы Кыргызстанда 8 миң даана коллекциялык монета чыгарылат
Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды

Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы

170
(жаңыланган 17:33 23.06.2021)
Алдыдагы кышта Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болору күтүлүп жатат. Sputnik өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынан кабардар кылуу максатында учурда иштеп, курулуп жана келечекте пландалып жаткан ГЭСтерди картадан көрсөтүп берди.
Кыргызстандагы ГЭСтер

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жети ири ГЭС иштеп жатат. Алар: Токтогул (1200 МВт), Күрп-Сай (800 МВт), Таш-Көмүр (450 МВт), Шамалды-Сай (240 МВт), Үч-Коргон (180 МВт), Ат-Башы (40 МВт) жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты (120 МВт). Бардыгы кошулуп ушул тапта 3 030 МВт электр энергиясын берет.

Булардан тышкары, "Чакан ГЭС" ААКсына караштуу жалпы кубаттуулугу 38,5 мегаваттка барабар тогуз кичи ГЭС бар.

Ошол эле учурда эки ГЭСтин курулушу токтоп турат. Булар Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты.

Республика боюнча дагы тогуз ири гидроэлектр станциясын куруу пландалууда. Бирок каржы тартыштыгынан улам долбоорлор кагаз бетинде гана калып келет. Алардын бардыгы курула турган болсо өлкө 8 447,9 МВт электр энергиясын ала алат. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көп.

Мындан тышкары, энергетиктер азыр иштеп жаткан суу сактагычтарга алты чакан ГЭС курууну көздөйт. Бул долбоорлор ишке ашса кошумча 94,5 МВт энергия алсак болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, буга чейинки жылдарда Кыргызстандагы ГЭСтер орто эсеп менен 15 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыкчу. Ушул эле көлөмдөгү (14-15 миллиард кВт саат) энергияны калк жыл ичинде сарптайт.

Эске салсак, Кыргызстанда кургакчылыктын кесепетинен Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн. Мындан улам алдыдагы кышта электр энергиясы тартыш болот деп боолголонуп жатат.

170
Белгилер:
суу, курулуш, Кыргызстан, энергетика, ГЭС
Тема боюнча
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Медициналык кызматкерлер жансыз денени Делидеги ооруканага жеткиришет. Архив

Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат

0
(жаңыланган 11:06 24.06.2021)
Адистин айтымында, "дельта-плюс" штаммын жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Индияда табылган коронавирустун "дельта-плюс" (B.1.617.2.1) деп аталган түрү өтө бат жугары аныкталды. Бул тууралуу Бүткүл индиялык медициналык илимдер институтунун директору Рандип Гулерияга шилтеме берип India Today басылмасы жазды.

Анын айтымында, ооруну жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

"Жаңы штамм мурдагыларга салыштырмалуу өтө бат жугуп жатат. Ага кабылган адамдын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле вирустун жайылышына алып келет. Бул штаммдын антитело менен иммунитетти тоготпогону адистердин тынчсыздандырууда", — деди адис.

Учурда "дельта-плюс" штаммын индиялык окумуштуулар изилдеп, учудагы вакциналар ага канчалык туруштук бере аларын аныктоого аракет кылууда.

"Дельта" штаммы мутациясын улантууда. Өткөн аптада бул штамм Махараштра штатында табылган. Башкалардан ооруп айыккандардын антителосун жана эмделгендердин иммунитетин төмөндөтүп кое алгандыгы менен айырмаланат. Индияда бул штаммга кабылган 22 учур катталды.

0
Белгилер:
коркунучтар, штамм, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди
Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону айтылды