Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эмне алып, кайра эмне сатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖыгач. Архив
Жыгач. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
2020-жылы Кыргызстан биримдиктеги өлкөлөрдүн арасынан эң жогорку көлөмдө Россия (65 пайыз) жана Казакстан (33 пайыз) менен соодалашты.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстан акыркы беш жыл ичинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттерден кайсы товарларды сатып алып, кайра эмнелерди экспорттогону боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, Кыргызстандын сырткы соодасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үлүшү беш жылда 37 пайыздан (2016-жылы) 43 пайызга (2020-жылы) чейин көтөрүлгөн.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргызстандан баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары, мөмө-жемиштер жана жангактар, кийим, сүт жана сүт азыктары, желим жана андан жасалган буюмдар, автомобилдердин жана тракторлордун тетиктери, айнек, пахта, тамеки жана цемент жөнөтүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми өнөктөш мамлекеттерден мунайзат, жаратылыш газы, кара металлдан жасалган буюмдар, өсүмдүк майы, буудай, ун, дары-дармек, жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдар, жер семирткичтер, керамикалык буюмдар жана башка товарлар импорттолгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0