Депутат коррупционерлер төккөн акчанын эсебин ачык көрсөтүүнү талап кылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Депутат ачык-айкындуулук болгондон кийин гана бийликке ишеним болорун белгилейт. Андыктан маалыматты өкмөттүн сайтына жарыялоону өтүндү.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина УКМК тарабынан өндүрүлүп жаткан каражаттын эсеп-кысабын ачык көрсөтүүнү талап кылды.
Ал жарандарды жана анын арасында эл өкүлүнүн өзүн да соттун чечими же башка жолдор менен алынган акча кайда кетип жатканы кызыктырып жатканын белгилейт.
"УКМК киреше булагын декларациялабаган адамдар менен бюджетти толтуруу саясатын жүргүзүүдө. Акча казыналык аркылуу өтүп бюджетке түшүп жатабы деген суроо жаралат. Ачык көрсөтүлбөгөндүктөн ишенбөөчүлүк пайда болду. Андыктан өкмөттүн же УКМКнын сайтына кимден канча түшкөнүн жана эмнеге жумшалганын жарыялашын сурайм", — деди Карамушкина.
Депутат ачык-айкындуулук болгондон кийин гана бийликке ишеним болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0