ЕЭКтин расмий өкүлү, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасына жардамчылык милдетти аткарган Ия Малкина

Малкина: ЕАЭБдин кеңейиши миф эмес, келечектин иши

81
(жаңыланган 18:20 04.06.2021)
Евразиялык биригүүгө киргенде бере турчу мүмкүнчүлүктөргө, келечектүү кадамдарга кызыккан өлкөлөр улам көбөйүүдө.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. ЕАЭБдин кеңейиши миф эмес, келечектин жүзөгө аша турган иши деген оюн ЕЭКтин расмий өкүлү, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасына жардамчылык милдетти аткарган Ия Малкина айтып берди.

Ал Евразиялык экономикалык комиссиянын негизги сессиясынан кийин сүйлөдү. Петербургдагы экономикалык эл аралык форумдун алкагында Sputnik маалымат агенттигинин аянтында уюштурулган Санкт-Петербург — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүндө Малкина бир катар суроолорго жооп берди.

Андан ЕАЭБге жаңы мүчөлөрдү киргизүү боюнча сурашты.

"Форумда бул суроо биринчи жолу берилген жок. Кыязы, мындай нерсе Евразиялык биригүүгө киргенде бере турчу мүмкүнчүлүктөргө, келечектүү кадамдарга кызыккан өлкөлөрдүн саны улам көбөйүп жаткандыктан болсо керек", — деди ЕЭК өкүлү.

Малкина 2020-жыл жаңы байкоочуларды, Куба менен Өзбекстанды тартууга мүмкүнчүлүк жаратты деген пикирин айтты.

"Бул мамлекеттердин өкмөттөрү кандайдыр бир экономикалык каатчылыктарды биргелешип жеңүүгө мүмкүнчүлүк берген инструменттерге кызыгууда. Союздун кеңейиши жөн эле айтылган миф эмес, келечектин реалдуу иши", — деп белгилеген ал.

Малкина биринчи иретте уюмдун кеңейиши ага кошулууга кызыкдар болгон мамлекеттердин эркине байланыштуу экендигин кошумчалаган.

81
Белгилер:
экономика, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Доллар, ачарчылык жана коронавируска каршы күрөш. ЕАЭБ саммитине сереп
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эмне алып, кайра эмне сатат

Кыргызстандагы электр тарифи жана маяна. Башка өлкөлөр менен салыштыруу

195
(жаңыланган 16:28 17.06.2021)
Электр энергиясына тарифтер менен маянанын көлөмү башка өлкөлөрдөн канчалык айырмаланарын инфографикадан көрүңүздөр.
Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөгү электр энергиясынын тарифи

Sputnik редакциясынын кабарчылары Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын статистика топтогон органдарынын сайттарын карап чыкты.

Инфографикада 2020-жылдын аягына карата болжолдуу тарифтер көрсөтүлдү. Айрым өлкөлөрдө бул убакыттан бери электр энергиясы кымбаттады. Ошондой эле мында цифралар болжол менен берилди. Анткени бир эле өлкөдө аймак жана колдонулган энергиянын көлөмүнө жараша тарифтер ар кандай болгон мисалдар бар.

Беларусь боюнча электр плитасын колдонбогон калк үчүн орточо тариф көрсөтүлдү. Армения боюнча электр энергиясын 220 кВ кубаттуулукта колдонгон абоненттер үчүн тарифти сунуштадык. Россияда болсо электр энергиясын минималдык көлөмдө колдонгондор үчүн тариф берилди. Казакстан боюнча электр плитасын колдонбогон калк үчүн 1 жана 3-деңгээлдин ортосундагы тарифтер диапазону көрсөтүлдү. Кыргызстанда 700 кВт/саатка чейин колдонуудагы тариф жарыяланды.

195
Белгилер:
тариф, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бийлик жылуулук менен ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап жатат
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев

Арзыбаев: ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүшү керек

29
(жаңыланган 14:42 17.06.2021)
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев Евразия экономикалык биримдигинде азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүшү керектигин айтты.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында азык-түлүк коопсуздугу жаатында өзгөчө чоң роль жарата турган бөлүм каралган эмес. Мындай маалыматты Бексултан Арзыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арзыбаев: ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүшү керек

Анын айтымында, ушу тапта азык-түлүк менен өлкөнү толук камсыз кылуу негизги максат катары каралууда.

"Тилекке каршы, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында азык-түлүк коопсуздугу жаатында өзгөчө чоң роль жарата турган бөлүм каралган эмес. Мисалы, ЕАЭБде тооктун эти аз өндүрүлсө атайын комиссия чогулуп, бул аймакта жетпеген продукцияны сырттан алып келип, кошумча салыктардан бошотуп, жеңилдиктерди түзсө болот. Бирок ЕАЭБдин алкагында өзүнчө бюджет көрсөтүлүп, ишке ашыруу каралган эмес. Коронавирус пандемиясына байланыштуу азык-түлүк тартыштыгы пайда болду. Ага карабастан Россия, Казакстан гуманитардык жардамдарын берип турду. Бул маселе пандемия учурунда сабак болду. ЕАЭБ жаңы уюм болгондуктан дагы кошумча өзгөртүүлөр керек. Мындан тышкары, өлкөдө айыл чарба секторунда суу, жайыт тармагынан баштап өсүмдүк өстүрүү, иш кагаздарын электрондук вариантка өткөрүүгө чейин санариптештирүү жүргүзүлүп жатат", — деди Усубалиев.

Ошондой эле адис азык-түлүк коопсуздугу боюнча калкка туура маалымат жеткирүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, атайын иштер каралып жаткандыгын кошумчалады.

29
Белгилер:
Бексултан Арзыбаев, Евразиялык экономикалык биримдик, санариптешүү, айыл чарба
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

0
(жаңыланган 22:56 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүнү" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

0
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу