Өкмөт кумшекер, май, эт ташып келгендерди салыктан бошотууну сунуштады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМясоперерабатывающий комбинат "Южный" в Краснодарском крае
Мясоперерабатывающий комбинат Южный в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Демилге ишке ашса айыл чарба товарынын үч түрү эмне максат менен алып келгенине карабай КНС алынбайт.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстанга кумшекер, суу май жана эт импорттогон жарандарды кошумча нарк салыгынан (КНС) убактылуу бошотууну сунуштап жатат.
Эгер демилге жүзөгө ашса аталган товарларды ишкерлер эмне максат менен алып келгенине карабай КНС алынбайт. Салыктык жеңилдиктерди ушул жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин киргизүү пландалууда.
Касса. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
1-июлдан тарта ишкерлер жаңы кассалык аппараттарда иштеши керек
Өкмөт буга чейин мындай жеңилдиктер Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үчүн гана каралганын белгиледи.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, мал-жандыктын саны элди эт менен камсыздоого жетишсиз. 2020-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн өзүнөн чыккан эт муктаждыктын 59,3 пайызын гана жабары аныкталган. Министрлик Казакстан тирүү малды экспорттоону чектегени жана импорттун азайганы эттин 60-70 пайызга чейин кымбатташына алып келгенин белгиледи.
Министрлер кабинети кумшекер, май жана эт алып келгендерге кошумча нарк салыгынан бошотууну элди азык-түлүк менен жетиштүү деңгээлде камсыздоого жана баасын арзандатууга шарт түзүү үчүн сунуштап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0