Кыргызстанда канча ишкана жана бизнесмен бар? Статистикалык маалымат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЗавод жумушчулары иш учурунда
Завод жумушчулары иш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Өлкөдөгү компаниялардын 94 пайызы чакан ишкана, анын ичинен 60 пайызы Бишкек шаарында жайгашканы айтылат.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өлкө аймагында 12 миңге жакын ишкана иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын январь-март айларына карата чыгарган маалыматында жазылган.
Аталган компаниялардын 94 пайызы чакан ишкана, анын ичинен 60 пайызы Бишкек шаарында жайгашкан.
Чүй облусунда электрдик жана электрдик-гибриддик жапыз автобустарды куроо өндүрүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Чүйдө жакында электробустар чыга баштайт. Сүрөттөр
Ал эми 423 миңге жакын жеке ишкер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, бул өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу эки пайызга өскөн.
Аны менен катар чакан жана орто ишканаларда 78 миңден ашык адам эмгектенери, бул өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу 3 пайызга көп.
Бул субъектилер тарабынан өндүрүлгөн товардын наркы 38,2 миллиард сомду түздү.
Жаңылыктар түрмөгү
0