Кыргызстандан чыккан ич этти 4 өлкө тонналап алат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКиш эт саткан базарда. Архив
Киш эт саткан базарда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Акыркы төрт айдын ичинде Кыргызстандан эң көп ич эт Гонконгго экспорттолгон. Малдын ич эти сатылган мамлекеттердин арасында Египет дагы бар.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынан апрелге чейин Кыргызстандан малдын 315,7 тонна ич эти экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Мекеме "малдын ичеги-карыны" товардык номенклатура боюнча маалымат берген. Анда жеткирүүнүн жалпы көлөмү 367, 8 миң долларга бааланган.
Акыркы төрт айда Кыргызстандан ич эт алган мамлекеттер:
  • Гонконг — 216,2 тонна;
  • Түркия — 51,7 тонна;
  • Вьетнам — 28 тонна;
  • Египет — 19,8 тонна.
Белгилей кетсек, Вьетнам былтыркы жылы да алган. Бирок I кварталдын жыйынтыгы боюнча, аталган товар бул мамлекетке экспорттолгон эмес. Акыркы төрт айдын ичинде Вьетнам кайрадан Кыргызстандан ич эт алган мамлекеттердин катарына кирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0