Электр мамысы. Архив сүрөтү

Кыргызстандыктарга электр кубаты үчүн жаңы тариф сунушталууда

542
(жаңыланган 23:23 15.06.2021)
Эске салсак, учурда калк үчүн бир киловатт саат электр энергиясы 77 тыйынды түзөт. Ал эми кымбаттагандан кийин 2,16 сом болуп калмакчы.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Электр кубатына жаңы тариф сунушталууда, ал эл үчүн бирдей баада — бир киловатт сааты 1,09 сом болмокчу.

Министрлер кабинетинин токтому "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору алардын сайтына коюлду. Анда баарын мурдагыдай калтыруу жана орто мөөнөттүү келечекте электр энергиясынын наркына тарифтер менен акырындап жетүү каралган. Документте экинчи вариант ылайыктуу деп айтылган.

Эске салсак, учурда калк үчүн бир киловатт саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. Ал эми кымбаттагандан кийин ( өзгөчө шарт менен каралгандарды албаганда бардык абоненттер үчүн 700 киловатт саат)  2,16 сом болуп калмакчы.

Калк үчүн төмөнкү тарифтер сунушталууда:

  • Бийик тоолуу аймакта жана татаал шарттагы жерлерде жашагандар үчүн 700 киловатт сааттык (кышында 1000 киловатт саат) лимитти алып коюу жана бирдиктүү 1,09 сомдук тарифти киргизүү сунушталууда;
  • ал эми калгандар үчүн электр кубатын колдонуу нормасын (күз-кышта 1000 кВт-саатка чейин көбөйүшүн эсепке албаганда ) алып салуу. Мында тариф бир киловатт саатка 1,09 сомду түзөт;
  • Күз-кыш мезгилинде 1000 киловатт сааттан ашып кетсе 2,52 сом болмокчу.

Эске салсак, 21-апрелде президент Садыр Жапаров электр кубатына болгон тарифти өзгөртүү демилгеси менен чыккан.

Жапаровдун сунушу:

  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу;
  • жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу;
  • жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу;
  • суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан эсептөө.
542
Белгилер:
Кыргызстан, электр кубаты, тариф, токтом, долбоор
Тема боюнча
Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу
Абдырасулова: электр энергиясын туура колдонгонду билбейбиз
Президент Садыр Жапаров. Архив

Бизнес өкүлдөрү Садыр Жапаровго кайрылды. Себеби

292
(жаңыланган 13:27 02.08.2021)
Ишкерлер өкмөт парламенттин каникулга кетип жатканынан пайдаланып, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү мыйзамын шашылыш түрдө өткөрдү деп эсептейт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы бизнес-коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жогорку Кеңеш үч окуудан жактырган экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзамга кол койбошун өтүнүп жатат. Бул тууралуу ишкерлер Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Экономикага өзгөчө кырдаал абалын киргизүүнүн таасири кандай болушу мүмкүн" аталышындагы брифингде айтышты.

"Бизнес коомчулугу менен макулдашуу процесси болбой, мыйзам бир тараптуу негизде кабыл алынды. Министрлер кабинети парламенттин каникулга кетип жатканынан пайдаланып, мыйзамды шашылыш түрдө өткөрүп алды. Учурда биз президенттен бул документке кол койбой, кайра иштеп чыгууга жөнөтүүсүн суранабыз", — деди Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков.

КР президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин адиси Айдарбек Мамбеткадыров бизнес өкүлүнүн пикирин колдой турганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда кийин эки анжы пикир жарата турган түшүнүксүз жерлери бар. Мамбеткадыров кошумчалагандай, мыйзам долбоору кабыл алынардын мурда коррупцияга каршы экспертизадан өткөн эмес.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өлкө экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган. Анын айтымында, мындай сунуш киргизүүгө дагы деле коркунуч жаратып турган пандемиянын экономикага тийгизген терс таасири себеп болгон. Министр түшүндүргөндөй, бул режим салыктардын ставкасын өзгөртүүгө жана өтө зарыл учурда бюджетти Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле бөлүштүрүүгө шарт түзөт.

Депутаттар каникулга кетер алдында аны үч окуудан тең өткөрүп берген.

292
Белгилер:
Садыр Жапаров, ишкер, сунуш, кайрылуу, бизнес, Кыргызстан
Тема боюнча
Банктарда аралыктан идентификациядан өтүү системасы жеңилдейт. Долбоор
Жыл башынан бери импорттон алынган салыктын көлөмү 5,2 млрд. сомго көбөйдү
Буудайдын түшүмүн жыйноо. Архив

Өлкөдө буудай бир жыл ичинде дээрлик 40 пайызга кымбаттады

43
2020-жылдын акыркы айларынан бери Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады. Анын ичинде буудай дагы баасын көтөрүүдө.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Республикада буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

"Июль айынын аягына карата буудайдын баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен 29,15 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн далилдейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буудайдын чекене баасы орточо көрсөткүчтөн Бишкек (бир килограммы 31,46 сом), Токтогул (30,96 сом), Исфана (30,73 сом) жана Өзгөн (30 сом) шаарларында жогору болуп жатат. Ал эми арзан буудай Чаек айылында (бир килограммы 18 сом), Каракол (20,87 сом) жана Кара-Суу (23,59 сом) шаарларында сатылууда.

Бир ай ичиндеги бааны айта турган болсок, июлда буудай мурунку айга салыштырмалуу 3,4 сомго (13,1 пайыз) кымбаттаган.

43
Белгилер:
Кыргызстан, Буудай, баа, статистика
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду
Швециялык активист Грета Тунберг. Архив

Грета Тунбергдин вазыйпасы аяктап, аны оюндан четтетишти

0
(жаңыланган 12:49 03.08.2021)
Батыш маалымат каражаттары адамзат узаган айдын аягында Жердин жылдык ресурстарын түгөтүп бүткөнүн жазып чыгышты. Казылган кендин баары августтун башынан декабрдын аягына дейре атмосферага чыгарылып, экологиялык карыз өндүрүлөт.

Адистердин эсебинде чек аралар, өлкөлөр жана континенттерге карабай адамзат керектөө жана өндүрүштүн азыркы деңгээлин сактап калуу үчүн планетабыздын азыркы мүмкүнчүлүктөрүнө дагы кошумча үчтөн эки бөлүгүнөн ашууну абзел.

Экология темасында, албетте, Грета Тунбергди атабай коюуга болбос. Эсиңиздерде болсо, швециялык өспүрүм Грета климаттын өзгөрүшүнө каршы "окуучулук нааразылык акциясына" чыккан. Кесиптешибиз Елена Караеванын планетаны сактоо жаатындагы азыркы глобалдык саясатты талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Табият менен таттуу алакада болуу тууралуу насаатка СССРди көрүп калгандардын муктаждыгы жок. Дүйнөнүн "цивилизациялык ааламындагы" супермаркеттерде желим баштыктар пайдаланылып турганда совет өлкөлөрүндө дүкөнгө тор баштык менен барып (бүгүн ошол сумкалар моданын соңку жетишкендигине айланып, баасы маркасына жараша 80ден бир нече жүз еврого чейин), азык-түлүк пергаменттик кагазга оролуп, желим баштык чыкса ал көп жуулуп, кургатылып, башкача айтканда, көп жолу колдонулган.

Балдарды жашынан металлолом чогултууга көндүрүшкөн. Эски газета жана журналдарды да туш келди ыргытпастан кабыл алуучу жайларга алып барып, маселен, 20 килограммдык макулатуранын ордуна китеп алышкан. Айнек да, адатта сүт, айран куюлганы да, шарап жана сыра чыгарылган бөтөлкөлөр да өткөрүлгөн. Жашоонун мындай образы "жакырлыктан" эмес, жаратылыш ресурстарына карата аяр мамиледен улам терең ойлонуштурулган. Бул эми сөз кезеги келгендеги кеп.

Көмүр кычкыл газын азайтууну көздөгөн Киото протоколу иштей баштагандан бери парник газдарынын көлөмү көп деле азайбастан, биржалык сооданын өтө кирешелүү бөлүгүнө айланганы аныкталган. Анын чыгарылышына квота мунай, эгин, какао буурчагы жана башка биржалык товарлар (commodity) сымал эле товарга айланган.

"Планетаны коргоо үчүн күрөш" деген дүрбөлөңгө жамынып биржалар сөздүн түз маанисинде абаны сатышат. Мында пайдасын квотасы өтө көп жана квотасы абдан аз болгондорго ортомчулук кылган маклер жана брокерлер көрөт. Ал эми чоң суммадагы акча болгон жерде алдамчылык үчүн да мүмкүнчүлүк болуп көрбөгөндөй чоң эмеспи. Остап Бендердин урпактары, маселен, француз мамлекети "аба" соодасына кошумча нарк салыгын төлөбөй коюудан эле дээрлик эки миллиард евро тапкан. Бирок он жыл оболу али эч нерсе боло элек кез эле, каржылык глобалисттик чөйрөлөр чыныгы мөмөсүн азыр топтоого киришти.

Парижде өткөн климат боюнча конференция (2015-жыл) аяктаары менен жашыл бонд – облигацияларды жайгаштыруудан киреше алууга мүмкүндүк берген акча каражаттары түзүлгөн. Карыздар ири банктар же Европалык борбордук банк аркылуу кепилденет. Көлөмү — жылына ондогон миллиард евро. Анткен менен бул олчойгон сумма да күтүлбөгөн окуянын башаты гана. Чыныгы "оюн" үч жыл мурун коюлган, анда өспүрүм Грета Тунбергди "экологиянын Жанна д'Аркы" деп атап, Швеция парламентинде сөз сүйлөттүшкөн. Ошол 2018-жылдын жай мезгилинен бери анын сөздөрү, аракеттери алдыңкы маалымат агенттиктеринин "көзүнөн" түшкөн эмес. Ар жума күнү көрсөтүлгөн, баяндалган. Андай пиар спорттун да, саясаттын да, кинонун да жылдыздарына жасалган эмес.

Туура жарым жылдан соң Катовицада "климатты коргоо" боюнча кезектеги конференция өтөт. Анда өнүккөн өлкөлөрдүн экономикаларын жашыл рельстерге которуу чечимин кабыл алган (анын негизги жактоочусу Европа биримдиги, ал эми АКШ жана Россия өзгөчө пикирин билдиришкен). Андай ойдун наркы — жылына 100 миллиард евро.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир аз көмөктөшүп, бирок негизинен жашыл технологиялардын пайдасына рынокторду бөлүштүрүү үчүн бардык каржылык агымдарды европалык банк структураларына туташтырууну көздөшөт. Кеп мында акча агымдарынын даректеринин алмашышы жана жашыл революциянын демилгечилеринин курамын алмаштыруу туурасында. Албетте, бул каражаттардын баары текке кетет. Чакан жана орто бизнеске тийбейт. Экономиканы өбөлгөлөө боюнча Европа биримдиги тарабынан жарыяланып жана кабыл алынган пландын жарымы, ал эми бул дээрлик 740 миллиард евро — экологиялык демилгелерге бөлүнгөн каражат. Бирок аларды алуу шарттарына ылайык субвенциялар иш жүзүндө ири гана трансулуттук корпорацияларга багытталган.

Гретачы? Грета өз ролун аткарды, эми кете берсе болот. Тагыраак, аны оюндан четтетишти. "Экологиянын Жанна д'Аркынын" соңку билдирүүсү климаттын өзгөрүшү жана "уурдалган балалык" жөнүндө эмес, COVID-19га каршы вакцинанын "адилетсиз бөлүштүрүлүшү" туурасында жаңырганына күбөбүз. Глобалдык көз будамайлагандар менен бир столдо отурган соң адилеттүүлүктөн кеп салып болобу?

0
Белгилер:
Грета Тунберг, экономика, бизнес, саясат
Тема боюнча
"Байден, курал үчүн рахмат!". Афганистанда талибдерди ким колдоодо
Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду