Сунушталган 1,09 сомдук тарифти жыл сайын көбөйтүүнү айтышууда. Канчага өсөт?

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүИнженер подстанцияда. Архив
Инженер подстанцияда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Энергетика жана өнөр жай министрлиги элдин электр кубаты үчүн төлөй турган акчасын бирдиктүү кылып, бирок акырындап көтөрүп отурууну сунуштап жатат.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Электр энергиясынын калк үчүн сунушталган тарифин жыл сайын көтөрүп туруу пландалууда. Бул туурасында министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорунда айтылган.
Документте эл үчүн бирдей тарифти (1,09 сом) коюу сунушталган. Анткен менен акырындап көтөрүү пландалууда.
"Элге жана насостук станцияларга электр энергиясынын тарифин 2022-жылы 17,5 пайызга, 2023-жылы 15 пайызга көбөйтүү каралууда. 2024-жылдан баштап калк үчүн тариф иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде түзөтүлүп турат", — деп айтылган долбоордо.
Эске салсак, Улуттук банк Кыргызстандагы жылдык инфляция (өткөн жылдын май айынан тарта быйылкы майга чейин) 10,9 пайызды түзгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0