Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ТЭЦинин кызматкрелери. Архив
Бишкек ТЭЦинин кызматкрелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Министр тарифтик жаңы саясат иштелип жатканда бардыгы эске алынгандыгын айтты. Ал энергосистемада каатчылык жок деп билдирди.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис жок деп билдирди. Ал журналисттерге маалымат берип жатып энергетиктер кадимки режимде иштеп жаткандыгын айтты.
"Энергетикалык эч кандай кризис жок. Буга силерди ишендирип кетмекчимин. Эгерде бизде баары жаман дей берсек, ошондой болот. Өлкөдө электр энергиясы да өчүрүлгөн жок. Ооба, күзгө-кышка даярдыктын алкагында өчүрүүлөр болот, бирок алар оңдоп-түзөө иштери үчүн алдын ала пландалып жасалат. Кээде чукул кырдаалдар болуп калат, бул эми жашоодогудай эле көрүнүш. Машина кетип баратып өчүп калгандай эле нерсе", — деп түшүндүрдү Бекмурзаев.
Ал министрликтин электр кубатына болгон тарифти көтөрүү долбоору туурасында да айтып берди.
Анын маалыматына караганда, министрлик бул маселеде эл үчүн орток вариантты тапканга аракет кылган.
Батареядагы сом купюралары. Иллюстартивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Бийлик жылуулук менен ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап жатат
"Биз бардык алгоритмдерди эске алдык. Кененирээк дагы айтып беребиз. Киреше тапкан деңгээлге чыгаруу үчүн бүгүн биз баарын энерготармакка салышыбыз керек. Бирок азыркы маалда киреше туурасында сөз жок. Себеби азыр колубузда турган нерсени эртең өнүктүрө тургандай кылып сактап калышыбыз керек", — деди министр.
Долбоордо эл үчүн бирдей тарифти (1,09 сом) коюу сунушталган. Анткен менен акырындап көтөрүү пландалган. Элге жана насостук станцияларга электр энергиясынын тарифин 2022-жылы 17,5 пайызга, 2023-жылы 15 пайызга көбөйтүү каралууда. Ал эми 2024-жылдан баштап калк үчүн тариф иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлине карата түзөтүлүп турары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0