Пандемия мындан 23 жыл мурдагы Азия кризисинен кем калышкан жок

© AFP / ADITYA AJIОорукананын бөлүмүндөгү медициналык кызматкер
Оорукананын бөлүмүндөгү медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Статистика боюнча бардык адистер пандемиянын экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөргө тийгизген терс таасирин чагылдырганга аракет кылып жатышат. Муну менен БУУнун бир уюму да иштей баштаган.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Пандемиянын дүйнөлүк экономикага жана социалдык багытка тийгизген таасири 1998-жылы болгон Азия кризиси менен бир деңгээлге коюлуп жатат. Бул тууралуу КМШнын Статистика боюнча мамлекет аралык комитетинин башчысы Владимир Соколин Экономикалык кеңештин жүрүшүндө айтты.
Анын пикирине караганда, статистика боюнча иштеген бардык адистер пандемиянын экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөргө тийгизген терс таасирин чагылдырганга аракет кылууда. БУУнун бөлүктөрүнүн бири муну изилдеп, ал үч том болду.
"Үчүнчү томдо эксперттер пандемия 1998-жылы болгон Азия кризиси сыяктуу эле өзгөчө социалдык багытка катуу таасир эткендигин айтышууда. Эске сала кетсем, ал каатчылык Россияга чейин жетип, дефолт жарыяланган эле", — деди Соколин.
Азия финансылык кризиси 1997-1998-жылы дүйнөлүк экономиканы аңтар-теңтер кылып кеткен. Ага "Азия арстандарынын" экономикасынын ыкчам өсүшү жана корпоративдик, мамлекеттик карыздардын арбышы себеп болгон. Жыйынтыгында бир катар мамлекеттердин валюталарынын куну түшкөн. Кризистин кесепети 2001-жылдан тартып азая баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0