Өлкөдө кайсы курулуш материалы канчага кымбаттады. Тизме

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТуш кагаздарды сатуучу дүкөн. Архив
Туш кагаздарды сатуучу дүкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
Өткөн жылдын май айына салыштырмалуу азык-түлүккө кирбеген товарлардын баасы республика боюнча 4,2 пайызга жогорулады.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өткөн жылдын майына салыштырмалуу турак жайларды оңдоо үчүн пайдаланыла турган материалдарга баа 10,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
"Өткөн жылдын май айына салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын баасы республика боюнча 4,2 пайызга жогорулады. Ушул топко кирген негизги товарлардын бири курулуш материалдары болуп эсептелет. Алар 10,5 пайызга кымбаттаган", — деп айтылат билдирүүдө.
Анын ичинен өтө маанилүүлөрү:
  • кирпич - 17,0 пайызга;
  • кесилген жыгач материалдар - 15,6 пайызга;
  • шифер - 15,2 пайызга;
  • цемент - 10,4.
Айрым аймактарда курулуш материалдарынын чекене баасы орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты. Мисалы, Нарын жана Талас облустарында кирпич кымбат, 1000 даана үчүн 10 миң сом. Ал эми кесилген жыгач материалдары Баткен (куб метри 19 313 сом) жана Жалал-Абад (куб метри 18 135 сом) облустарында олуттуу кымбаттаганы катталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0