Акча каражаттары. Архив

Кыргызстанда депозит чени көбөйдү, насыя үстөгү өспөйбү?

558
(жаңыланган 17:20 21.06.2021)
Кыргызстандагы банктардын жарымынан көбү аманат ченин 0,25-2 пайызга убактылуу көтөрдү. Мындай көрүнүш банктардын каражат көйгөйүнөн кабар бербейби? Эгер андай болсо, жагдай насыянын пайыздык ченинин жогорулашын шарттабайбы? Sputnik Кыргызстан териштирип көрдү.

Кыргызстандын бир нече банкы акция жарыялап, аманаттардын (депозиттер) пайыздык ченин көбөйттү. Эгер калк арасында акча көбөйтүүнүн кеңири тараган түрү ушул экенин эске алсак, албетте, бул – жагымдуу жаңылык. Анткен менен күдүк ой санааркатат.

Биринчиден, өлкөдө сом көлөмү рекорддук көрсөткүчтө турганда эмнеликтен банктар дагы көп каражатка зарылууда? Апрель айынын аягында көлөм (алыш-бериш эсептерин кошо алганда) 188,4 миллиард сомдон ашкан. Бул насыялык-каржылык уюмдардын акча көйгөйлөрүнө байланыштуу эмеспи?

Ошол себептен алар дагы каражат тартууга далалат кылып жатышкан жокпу? "Чаң соргуч банктар" деген да термин бар, алар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн пайыздык ченди жогорулатышат.

Экинчиден, банктар кайрымдуулук уюм эмес, алардын өз кирешеси аманат жана насыя ченинин ортосундагы айырмадан түзүлөт. Башкача айтканда, ансыз да бийик насыя үстөктөрүнүн өсүшүнө алып келбейби? Sputnik Кыргызстан пайыздык чен туурасында макала даярдап, анын жогорулашы эмнеге байланыштуу жана кесепети кандай болушу мүмкүн экени боюнча банктардын өздөрүнө суроо салды.

Кайсы банктарда пайыздык чен көбөйдү?

Сереп салуу үчүн апрелден ушул айга дейре маалыматтарды карап чыктык. 22 банктын 12синде сунуштар жакшырган. Дээрлик баарында убактылуу акциялар жүрүп, айрымдарынын мөөнөтү да аяктаган. Чен орточо 0,25-2 пайызга көтөрүлгөн. Коммерциялык мекемелердин бир катарында жалпы чен 14 пайызга өскөн.

  • "Бай түшүм";
  • "Айыл банк";
  • "Азия банкы";
  • "Бакай банк";
  • "Халык банк";
  • "FINCA банк";
  • "Кыргызстан коммерциялык банкы";
  • "Дос-Кредобанк";
  • "Капитал банк";
  • "Компаньон";
  • "Кыргыз-швейцариялык банкы";
  • "РСК банк".

Редакция бул тизмедеги банктарга чендин жогорулашына байланыштуу бир нече собол менен кайрылды: буга эмне себеп, банктын маселелери жана насыяларды кайтаруу көйгөйүнөн улам акча тартыштыгына байланыштуу эмеспи? Аманат ченин жогорулатуу насыя үстөгүнүн өсүшүнө кептебейби? Жооптор каржылык уюмдарынын жарымынан келди.

Баары көбөйтүүдө

Банктардын бир тобу чендин өсүшү башка оюнчулардын аракеттеринен улам, ошондой эле кардарларга кам көрүү деп түшүндүрүштү. Эки банк өздөрүнүн 25 жылдык мааракесине карата ушундай акция уюштурулганын билдиришти. Бирок башкача жооптор да болду. Маселен, "Айыл банк" аманаттын пайыздык чендери бүтүндөй банк тутумунда жогорулап жатканын себеп катары белгилейт. Ошону менен бирге эле дагы бир факторду аташты: "Бир жагынан бул каржылык рыноктогу өтүмдүүлүктүн төмөндөшү жана Улуттук банктын эсептик ченинин көбөйтүлүшүнө байланыштуу. "Азия банкы" да ушундай эле жоопту берди.

"Инфляцияны ооздуктоо максатында КР Улуттук банкы акча массасын стерилизациялоо жүргүзүп жатканда коммерциялык банктардын баары сом өтүмдүүлүгүнүн жетишсиздигине кабылып, аманат чендерин жогорулатууга аргасыз", — деп айтылат басма сөз кызматынын жообунда.

1-июнда эле Улуттук банк инфляцияны ооздуктоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, "өтүмдүүлүктү башкаруу боюнча активдүү чаралар банк тутумундагы ашкере ликвиддүүлүк көлөмүн азайтууга мүмкүндүк бергенин" белгилешкен.

Банк системасындагы ликвиддүүлүк — адатта накталай каражатка ыкчам айлантуу мүмкүнчүлүгүн мүнөздөгөн каржылык термин. Дагы башка, анын ичинде каржылык-насыялык мекемелер, корпорациялар, акча рыногу же капитал рыногунда, ички улуттук жана дүйнөлүк улуттук экономикада акча каражаттарынын болушун билдирген да аныктамалары бар.

"Үстөктөрдүн жогорулашы көйгөйлөрдөн кабар бербейби?" – деген суроо узатканыбызда өлкө аймагындагы банктар, коммерциялык уюмдар насыяларды төгүү жаатында да, каражат таңсыктыгы боюнча да эч кандай маселе жоктугун бир ооздон белгилешти.

Ошондой эле алардан азыркы жагдай насыялар үстөгүнүн да өсүшүнө таасир этип-этпесин сурадык. "Азия банкы" бул насыяларды төгүү маселелерине себепкер болчу каражат жетишсиздигинен улам эмес, утурумдук акция жана насыя үстөктөрүнө дээрлик таасир этпей турганын айтты.

"FINCA банктагылар" кыска эле "жок" деп жооп беришти. "Бакай банктагылар" насыя үстөктөрүн көбөйтүү пландалбаганын билдирсе, "Компаньон" банкы салым (депозит) ченинин жогорулашы сөзсүз эле насыя үстөктөрүнүн көбөйүшүнө алып келбестигин белгилешти.

Насыялардын пайыздык ченине банк мезгил-мезгили менен көз салып, божомолдоп турган көптөгөн экономикалык факторлор да таасир этиши мүмкүн. "Кыргыз-швейцариялык банкы" рынок абалынын өзгөрүшүнө тыкыр көз салып, баа саясатын конъюнктураны эсепке алуу менен коррекциялап турат.

"Айыл банк" аманаттар насыялоо үчүн негизги ресурстук база болгондуктан депозиттер боюнча пайыздык чендин көбөйтүлүшү насыялык өндүрүм үстөктөрүнүн өсүшүнө алып келерин, бирок башка – социалдык жана жеңилдик программаларына тиешелүү болбогон багыттарга таасир этерин белгилешти.

Кыргызстанда банк аманаттары тууралуу кеңири чагылдырылган макаланы бул жерден окуңуз.

558
Белгилер:
банк, депозит, аманат, насыя, эсептик үстөк пайыз, кредит, Кыргызстан, акча
Тема боюнча
Банкка салынган акчаны кантип көбөйтсө болот? Кыргызстандагы депозит тууралуу
Мамлекеттин көзүн карабай пенсияга кантип акча топтоого болот. Жол-жобосу
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет