Бөлтүрүк: Кыргызстан Centerra менен бир гана шартта сүйлөшүүгө макул болот

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша"Кумтор голд компани" ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив
Кумтор голд компани ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
"Кумтөр" компаниясынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк кыргыз тарап кайсы учурда канадалык компания менен сүйлөшүүгө макул болорун айтып берди.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги өлкөнү экология жаатында чыгымга учуратканын моюндаганда гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу "Кумтор голд компани" ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдирди.
"Азырынча компания Кыргызстандын доо арызы менен чыгымын мойнуна ала элек. Мындан улам алардын жетекчилиги менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө негиз жок. Мен өкмөт менен президент кандай ойдо экенин билем, бул менин жеке пикирим эмес. Алар акыры бир чечимге келет деген ойдомун. Кыргыз тарап менен мурдагыдай теңсинбей сүйлөшүүгө жол берилбейт. Англисче айтканда, enough is enough (жетишет — ред.). Жетишет, бизди шылдыңдаганды токтотуш керек", — деди Бөлтүрүк.
Тышкы башкаруучу Centerra Кыргызстанды тең укуктуу өнөктөшү катары көрүшү керектигин кошумчалады.
Кумтөр алтын кени - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Президент Жапаров: "Кумтөрдүн" эсебинен Нарын өнүктүрүү фонду түзүлөт
"Мен Скотт Перри (Centerra компаниясынын президенти — ред.) менен директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө декабрда дагы, февралда дагы "Мындан ары диалог эмес, монолог болот. Силер биз айткыбыз келген нерсени угасыңар. Мына, комиссиянын чечими бар. Моюндасаңар, иштешебиз. Антпесе өкмөт кандай чечсе ошондой иш алып барабыз. Кенди өзүбүз башкарып, эл үчүн иштей баштайт" деп айткан элем", — деди Бөлтүрүк.
Ал ошондой эле канадалык компания мурдагы мамлекеттик комиссиянын Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн изилдөөгө багытталган сунуштарынын бардыгын четке кагып келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0