Быйыл Кыргызстанда зер буюмдун импорту өстү

© AFP / JOEL ROBINEЗер буюмдардын витринасы. Архив
Зер буюмдардын витринасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Кыргызстанга жыл башынан берки төрт ай аралыгында үч мамлекеттен зер буюмдар импорттолгон. Сөз тонналаган буюмдар жөнүндө болуп жатат.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанга баалуу металлдан жасалган зер буюмдардын импорту өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында өлкөгө баалуу металлдан жасалган эки тонна зер буюм киргизилген. Анын баасы 1,7 миллион доллар. Товар жеткирген мамлекеттер төмөнкүлөр:
  • Түркия — 1,7 тонна;
  • Кытай — 0,2 тонна;
  • Индия — 0,1 тонна.
Өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында Кыргызстанга 1,7 тонна зер буюм импорттолгон (1,6 миллион доллар).
Жаңылыктар түрмөгү
0