Садыр Жапаров бүгүн ишкерлер менен жолугуп, пландарын талкуулайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Президент менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компания жана уюмдардын өкүлдөрү катышары айтылды.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу презденттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, президент ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөгө инвестиция тартуу жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган кыска-узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулайт.
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Бийлик ишкерлик менен алектенген аялдарга насыя берип колдоону пландап жатат
Мындан тышкары, бийлик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуу маселелери туурасында сөз болору айтылды
Президент менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компания жана уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.
Иш-чара зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштурулуп, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЦР-тест тапшырганы белгиленет.
Жолугушуу саат 10:00дө КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында көрсөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0