"Кумтөр" Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башка эреже менен иштетүүнү сунуштады

© Sputnik / Эламан КарымшаковКумтөр алтын кенинин кызматкерлери. Архив
Кумтөр алтын кенинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Жаңы эрежелер фонддун каражатын эффективдүү башкаруу жана ырааттуу колдонуу максатында демилгеленүүдө.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети сырттан башкарылып жаткан "Кумтөр голд компани" Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кыскартууну сунуштап жатат. Бул туурасында компаниянын бир айлык отчетунда жазылган.
Аталган фонддун каражатын эффективдүү башкаруу жана ырааттуу колдонуу максатында жаңы эрежелерди киргизүү сунушталып жатат.
"Башкаруу жана каржылык уюштуруу принциптерин өзгөртүп, көзөмөл функцияларына жана региондун экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына бөлүнгөн каражаттын ачык-айкындуулугун камсыздоо каралууда. Ошондой эле фонддун байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн азайтып, курамына компаниянын өкүлдөрүн да киргизүү демилгеленди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, "Кумтөр голд компани" Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна ар дайым долбоор тандоого жана башка ишмердүүлүгүнө консультациялык жардам көрсөтүп турары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0