"Кумтөр": товарларды жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн алганга аракет кылабыз

© Sputnik / Акылбек БатырбековКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
"Кумтөр" материалдарга, кызмат көрсөтүүлөргө, товарларга болгон стратегиялык муктаждыгы боюнча ар тараптуу анализдөө иштерин баштаганы айтылат.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Чет өлкөдөн жергиликтүү өндүрүшчүлөрдө жок гана товарларды сатып алабыз деп айтылган "Кумтөр голд компани" жарыялаган маалыматта.
Алар ишканага тышкы башкаруу киргенден берки кандай иштер жасалганы туурасында отчетту бүгүн коомчулукка сунуштады.
"Учурда компания материалдарга, кызмат көрсөтүүлөргө, товарларга болгон стратегиялык муктаждыгы боюнча ар тараптуу анализдөө иштерин баштады. Алардын сапатын, атаандаштыкка туруштук беришин жана товар жеткирүүчүлөрдүн келишимде айтылгандарды өз учурунда аткарышын да карайт. Компания жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын сатып алууга басым жасайт. Ал эми чет жактардан өлкөнүн ичиндеги ишканалардан сатып алууга болбой турган нерселерди гана алып келебиз", — деп айтылган маалыматта.
Алар сатып алуулар боюнча кулактандыруу "Кумтөр голд компани" ишканасынын сайтына жарыяланарын билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0