Президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты

Тажрыйба алмашалы. Жапаров түркмөн ишканаларын Кыргызстанда иштөөгө чакырды

107
(жаңыланган 10:48 28.06.2021)
Жапаров эки өлкөнүн товарларын дүйнөлүк рынокко экспорттоого көмөкчү боло турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүү тууралуу сөз кылган.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ашхабад шаарындагы кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында, энергетика тармагындагы компанияларды кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров Түркмөнстанга жасаган сапарынын алкагында өлкөнүн экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышкан.

  • Президент Садыр Жапаров во время выставки экспортных товаров Туркменистана. 27 июня 2021 года
    Ашхабад шаарындагы кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында, энергетика тармагындагы компанияларды кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ковры на выставке экспортных товаров Туркменистана. 27 июня 2021 года
    Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров во время выставки экспортных товаров Туркменистана. 27 июня 2021 года
    Жапаров Түркмөнстанга жасаган сапарынын алкагында өлкөнүн экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Щенки на выставке экспортных товаров Туркменистана. 27 июня 2021 года
    Президент Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө мурда келе жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантууга умтуларын белгилеп, инвестициялык долбоорлорду даярдоо, кароо жана ишке ашыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлор иштелип жатканын билдирген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров во время выставки экспортных товаров Туркменистана. 27 июня 2021 года
    Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинен Европа биримдигинин өлкөлөрүнө, АКШга товарлардын алты миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ВСП+ статусун белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония открытия кыргызско-туркменского экономического форума. 27 июня 2021 года
    Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин миллиондогон рыногуна продукцияларды жеңилдетилген шартта экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу ЕАЭБге мүчөлүк туурасында айткан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Флаги Кыргызстана и Туркменистана во время ффициального визита президента КР. 27 июня 2021 года
    Жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүн, энергетика ресурстарын, либералдуу инвестициялык мыйзамдар менен салык тутуму тууралуу маалымат берген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ашхабад шаарындагы кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында, энергетика тармагындагы компанияларды кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди

Президент Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө мурда келе жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантууга умтуларын белгилеп, инвестициялык долбоорлорду даярдоо, кароо жана ишке ашыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлор иштелип жатканын билдирген.

"Жапаров тажрыйба алмашууга жана Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында, энергетика тармагында иш алпарган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди. Түркмөн өнөр жайчыларын Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды", — деп айтылган маалыматта.

Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинен Европа биримдигинин өлкөлөрүнө, АКШга товарлардын алты миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ВСП+ статусун белгилеген. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин миллиондогон рыногуна продукцияларды жеңилдетилген шартта экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу ЕАЭБге мүчөлүк туурасында айткан. Жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүн, энергетика ресурстарын, либералдуу инвестициялык мыйзамдар менен салык тутуму тууралуу маалымат берген.

Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө катары энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында эбегейсиз потенциалга ээ, бул дагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын чоң келечегин ачат.

Жапаров келечекте эки өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана инфраструктура жаатында өз ара кызматташууга басым жасаган.

"Өлкө башчы ошондой эле өлкөлөрдүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүгүн пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз жана түркмөн товарларын дүйнөлүк рынокко экспорттоого көмөкчү боло турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүү келечеги тууралуу да сөз кылды", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Жапаров түркмөн ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого үндөп, аларды жигердүү кызматташууга, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырган.

Кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар өткөн. Андан соң ар кандай тармактагы продукцияларды жеткирүү боюнча ишкерлер ортосунда эки тараптуу келишимдерге онлайн режиминде кол коюлганы белгилүү болду.

107
Белгилер:
Кыргызстан, Түркмөнстан, Садыр Жапаров, форум, мунай, газ, инвестициялар, экономика
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон сапары (9)
Тема боюнча
Гүл менен нан көтөргөн бөбөктөр. Жапаровдун учагы Ашхабад шаарына конду. Видео
Садыр Жапаров Ашхабадга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

2
(жаңыланган 13:44 23.09.2021)
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү тууралуу жобо иштелип чыккандыгын айтты.

Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы. Мындай пикирин Марат Пирназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

Анын айтымында, аталган багытта шарт түзүү аркылуу көп киреше табуу мүмкүнчүлүгүн жаратса болот.

"Кыргызстанда криптобиржаларга укуктук талаа түзүү үчүн аракеттер жүрүп жатат. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка криптобиржалардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында тиешелүү укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу тагылган. Ушул жылдын 27-майында Экономика жана финансы министрлигинин буйругу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, бул тармакты билген адистер менен биргеликте жобо иштеп чыктык. Жобо министрлер кабинетинин кароосуна киргизилип, макулдашуу иштери жыйынтыкталууда. Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы", — деди Пирназаров.

Ошондой эле адис криптоактивдер менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөр санариптик биржалар боюнча билим алып коюусу керектигин кошумчалады.

2
Белгилер:
Марат Пирназаров, криптовалюта
Тема боюнча
Жасалма биткоин, финансы пирамидасы. Милиция шылуундарды кантип билсе болорун айтты
Азия өнүктүрүү банкы. Архив

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасы тууралуу божомолун жарыялады

60
(жаңыланган 13:04 23.09.2021)
Пандемиянын жаңы толкуну кайталанса же вакцинациялоо темпи жай жүргүзүлсө экономика артка кетери эскертилген.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет, бирок коронавирус пандемиясынын кесепети сакталып калчудай. Бул туурасында Азия өнүктүрүү банкынын отчетунда жазылган.

Өлкө экономикасынын өсүү деңгээли быйыл 3,5 пайызга, кийинки жылы 5 пайызга жетери болжолдонууда. Деген менен пандемиянын жаңы толкуну кайталанса же вакцинациялоо темпи жай жүргүзүлсө экономиканы артка тартуу ыктымалдуулугу жараларын эскерткен. Аны менен катар чек аралар толук ачыла электиги, авиакаттамдар жана жол кыймылы жарым-жартылай жанданганы, ал эми ишкердик чөйрөнүн ишеними төмөн бойдон турганы белгиленген.

"Азык-түлүк баасынын инфляциясы жогору. Буга ташып келүү чынжырчасы жай темп менен жанданып, улуттук валютанын курсу долларга карата 2020-жылдан бери 20 пайызга түшүп кетиши таасир этти. Азык-түлүктүн баасы туруктуу жана ыкчам түрдө өсүп жатканын эске алуу менен Азия өнүктүрүү банкы 2021-жылы инфляция 10 пайызга жетерин, кийинки жылы 7 пайызга түшөрүн божомолдойт", — деп жазылат маалыматта.

Отчетто көрсөтүлгөндөй, 2021-жылдын биринчи кварталында учурдагы операциялардын эсебинин дефицити ички дүң продукциянын 4,6 пайызын түзгөн. Экспорт 9,5 пайызга кыскарган, анын басымдуу бөлүгүн алтын жана башка металлдар түзгөн. Ал эми машина, жабдуу, кийим, кумшекер көп ташылганына байланыштуу жалпы импорттун көлөмү 40,2 пайызга өскөн. Буга былтыркыга караганда 41 пайызга жогорулаган акча которуулар да өбөлгө болгон.

Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы майда кыргыз бийлигине пандемиянын кесепетин жоюу жана социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртууга жардам берүү үчүн 50 миллион долларлык кредит жана грант берилгенин белгилеген. Ошондой эле саламаттык сактоо системасын чыңдоого чукул жардам көрсөтүү максатында 20 миллион доллар бөлүнгөнү кошумчаланган.

60
Белгилер:
Кыргызстан, экономика, божомол, Азия өнүктүрүү банкы
Тема боюнча
Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш
Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи. Архив

Мекендештер оюндарында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды ээлешет

0
"Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси аталган мекеме жаштар менен кандай иштерди алып барганын белгиледи. Тактап айтканда, ал Кыргызстандан барган катышуучулардын спорттук ийгиликтери тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси Дмитрий Федотов "Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндары" мелдешинде Кыргызстандын спортчуларынын ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Ал жакынкы чет өлкөлөрдөн келишкен россиялык мекендештердин аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.

Федотов белгилегендей, жаштар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулуп келет, тогуз жаштан баштап бардык курактагы топтор камтылган.

"Бизде кичинекей балдар үчүн "Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндары" сыяктуу чоң программа бар. Ал мелдешке ар кайсы өлкөлөрдүн балдары күчүн сыноо үчүн келишет. Кечээ "Русский дом" мекемесине кирип, Кыргызстан дээрлик дайыма биринчи орунду алып келгенин көрдүм", — деген ал.

Ырасында, анын "дайыма" деген сөзүн көпчүлүк учурда деп оңдошкон.

0
Белгилер:
мелдеш, орун, спорт, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россиянын элчиси мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды