Бишкектеги аэропортунда Түркмөнстандан жүк келиши

Келишимдер аткарыла баштады. Бишкекке Түркмөнстандан жүк келди. Сүрөт

217
(жаңыланган 10:16 30.06.2021)
Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарында эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүк жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • В Бишкек прибыл груз из Туркменистана, договоренность о поставке которого была достигнута в ходе недавнего официального визита президента КР в Туркменистан. 29 июня 2021 года
    Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди
    © Фото / пресс-служба президента КР
  • В Бишкек прибыл груз из Туркменистана, договоренность о поставке которого была достигнута в ходе недавнего официального визита президента КР в Туркменистан. 29 июня 2021 года
    Белгилей кетсек, 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки тараптын өнөр жай кызматкерлери менен ишкерлеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган
    © Фото / пресс-служба президента КР
  • В Бишкек прибыл груз из Туркменистана, договоренность о поставке которого была достигнута в ходе недавнего официального визита президента КР в Туркменистан. 29 июня 2021 года
    Тагыраагы, 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн
    © Фото / пресс-служба президента КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба президента КР
Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди

Белгилей кетсек, 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки тараптын өнөр жай кызматкерлери менен ишкерлеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган. Тагыраагы, 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

"Мындан сырткары. кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган. Бул макулдашуулардын алкагында 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду", — деп айтылат маалыматта.

Жүктү Бишкектен президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алганы айтылды.

217
Белгилер:
Кыргызстан, Түркмөнстан, жүк, келишим, иш сапар, сүрөт
Тема боюнча
Жапаров: кыргыз-түркмөн кызматташтыгы өнүгүүдө, саясий карама-каршылыктар жок
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бир катар документке кол коюлду. Тизме
Рубль валютасынын символу. Архив

Рубль дүйнөдө наркы бааланбаган валюта. Доллар чынында канча турат?

146
(жаңыланган 17:02 05.08.2021)
Россия жана АКШдагы McDonald's тамактануучу жайларындагы бигмактын (керектөөчүлөрдүн сатып алуу жөндөмүнүн бейрасмий түрдөгү индекси, бул тез татым түйүнүндө Big Mac – "сыйлуу" бургерлердин бири) баасына карасак, доллар 30 рубль болууга тийиш. Бул 2013-жылдагыдан аз.

Ирина Бадмаева

Америкалык экономикалык журналдын индикатору канчалык объективдүү жана эмнеликтен иш жүзүндөгү жана "бургердик" баалар эмнеге мынчалык айырмаланары тууралуу Ирина Бадмаеванын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.

"Экономисттин" шакабасы (тамашасы)

Россиялык рубль бааланбагандыгы боюнча "бигмак индексине" ылайык ливан фунтунан гана өйдөңкү сапта турат. Бургер бирдей баада болушу шарт экени болжонот. АКШга караганда арзан турган өлкөдө жергиликтүү валютанын наркы бааланбай, же тескерисинче, ашкере бааланат.

Россияда бигмак — 169 рубль, АКШда — 5,65 доллар. Демек, адилеттүү курс 30ду түзөт. Бирок алмаштырууда реалдуу баасы — 74,53. Башкача айтканда, доллар боюнча РФ валютасы дээрлик 60 пайызга, ал эми евро — 11,1, британиялык фунт — 15,5га бааланган эмес. Төрт акча бирдиги ашкере бааланган. Бул тизмеде венесуэлалык боливар айрыкча айырмаланат, дегеле ал 47,7 пайызга арзан болушу керек эле. Швейцариялык франк — 24,7, норвегиялык жана швед крондору — 11,5 жана 9,6га ашык бааланган.

"Бигмак индексин" 1986-жылы The Economist журналы тамаша иретинде ойлоп чыккан. Бирок эми маңызында керектөөчүлүк жөндөмдүүлүк паритетин аныктоонун бейрасмий ыкмасы — бирдей эле товардын наркына карап эки валютаны салыштыруу. Жылына эки ирет эсептелет.

Бардык жерде сатылгандыктан McDonald's гамбургерин тандап алышкан. 1980-жылдары эле тез татым ресторан түйүнү глобалдык бизнеске айланган. Буга мүнөздүү болгон М тамгалуу тамактануу жайлары Бермуд аралдарында, Иран, Македония, Йемен, Черногория, Түндүк Корея, Зимбабве, Боливия, Армения жана Исландияда жок.

Башкысы — классикалык бигмак бардык жерде бирдей. Анан жалпы эл сатып ала тургандай эле азыктардан – нан, сыр, котлета, жашылчадан жасалат. Өткөн айдагы соңку рейтингге ылайык, көп өлкөлөрдө бигмак Кошмо Штаттарга караганда, атап айтсак, Австралия, Сауд Аравиясы, Катарда арзаныраак. Тизменин акыркы саптарында Азербайжан, Түркия, Түштүк Африка бар.

Таанымал экени анык, бирок калыстыкка жатпайт

Рублдин бааланбаганы ондогон жылдардан бери айтылып келет. Бирок "бигмак индексинен" тышкары дагы башка факторлор толтура. Анан да бургер ар кайсы өлкөлөрдө бирдей баада боло албайт.

Айталы, маяна жана ижаралык үстөк РФте Кошмо Штаттарга салыштырмалуу кыйла аз. Ошол себептен баа дагы төмөн. Анан да бигмактар тиричилик электроникасы же акылдуу телефон сымал сырттан ташып келинбейт, жеринде жасалат. " iPod индекси" боюнча рубль ашкере бааланып, кыйла арзан турары бышык. Ошону менен бирге эле McDonald's компаниясы бааны жергиликтүү калктын реалдуу кирешесин жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө жараша белгилейт. Салык жана атаандаштык туурасында да унуткарбоо абзел. Ошондуктан "бигмактын индексин" адилеттүү дешке болбойт. Салыштыруунун мындан да комплекстүү жана ачык ыкмалары бар. Маселен, эң зарыл товар, сырье, жарым-жартылай даяр азыктардын негизинде. Алардын бааларын коммерциялык сыр боюнча укугуна таянган жеке компания эмес, рынок коет.

Кеп бигмакта эмес

Улуттук валюта куну өлкөнүн төлөм балансынын узак мөөнөттүү динамикасын аныктайт. Ал өз кезегинде инфляцияга таасир этет.

Эл аралык жана ички валюталык рыноктогу маанилүү оюнчулар — борбордук банктар. Каржылык жөнгө салуучулар улуттук акча бирдигин чыңдоону чектеп, же тескерисинче, кескин түрдө түшүп кетишинен сактай алышат. Валюталык курс алардын көзөмөлүндө, анткени бул – өлкөлөр ортосундагы атаандаштык соода күрөшүнүн негизги ыкмаларынын бири. Натыйжада акча наркы көбүнесе бурмаланат. Активдерди эркин сата алгандар катары эле баанын коюлушунда рыноктун катышуучуларынын күткөнү да камтылат. Андыктан "бигмак индексине" анча таяна берген болбойт.

"Валютасынын наркы бааланбагандардын алгачкы он сабында негизинен дүйнөдө кеңири таралган алдыңкы 100 акча да кирет. Буга ачык мисал — ливан фунту. Андан өйдөңкү сапта россиялык рубль турат.

Анткен менен өтө жогору бааланган венесуэлалык боливардын акылга сыйгыс инфляцияга тушугуп, АКШнын мүмкүн болгон бардык санкцияларына кабылган", — дейт CMS Institute экономикалык жана каржылык иликтөөлөр департаментинин кызматкери Николай Переславский. Анын айтымында, акыркы жети жылда рубль кунуна геосаясат да таасир этүүдө. Россияга каршы санкциялар салынган, алардын кеңири таралуу тобокелдиктери да бар. Адатка айлангандай эле мунай баалары да роль ойнойт. Кара алтын кымбаттаган учурларда РФ Каржы министрлиги тарабынан валюталарды сатып алуу эрежеси да ага чагылбай койбойт.

Ошентип рублдин ашыкча бекемделишине жасалма түрдө бөгөт коюлат. Жалпысынан курсту түзүүчү саясат анын күчтөнүшүнө өбөлгө эмес.

Рубль кунунун орточо чабалдыгы чет өлкөгө чыгарылышынан түшкөн бюджеттик кирешелерди жогорулатат. Бул экономикада үстөмдүк кылган экспортчуларга да майдай жагат.

Кыйыр факторлор — дүйнөлүк каржылык рыноктордун ички саясаты жана маанайы.

"Санкцияларсыз россиялык валюта кеминде эле бир жарым эсеге кымбат бааланары туурасындагы ыктымал абдан жогору", — деп тактап өттү эксперт.

Кандай болгон күндө да жыл соңуна дейре баары бир доллар 70 рублден төмөндөбөйт. Ал эми саясий тобокелдиктердин айынан 80ге да чыгышы толук мүмкүн. Болду-болбоду, доллардын куну 73-77, евронун курсу 85-90 рубль чегинде калары турулуу иш.

146
Белгилер:
Россия, рубль, доллар, баалар, валюта
Тема боюнча
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
ИИМ кызматкери. Архив

Бизнести да текшерет. Өкмөт аймактык тескөөчүлөрдүн укуругун узартканы жатат

133
(жаңыланган 11:22 05.08.2021)
Буга чейин Акылбек Жапаров аймактык тескөөчүлөргө кошумча укук берүү боюнча ченемдик актыларды иштеп чыгууну тапшырган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлигинде аймактык тескөөчү милиционерлердин укуктарын кеңейтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров ИИМге Салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактык тескөөчүлөргө кошумча укук берүү боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну тапшырган. Документти даярдоого бир айлык мөөнөт берген.

"Аймактык тескөөчү милиционерлер экономика тармагындагы мыйзам бузууларды (лицензиялык, уруксат кагаздары жана башка тармак) аныктап жана бөгөт коё алат", — деп айтышты ИИМден.

Аймактык тескөөчүлөргө экономикалык тармакты да кароого укук берүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү шарт. Андан улам бул максатта ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнү белгиленди.

133
Белгилер:
Акылбек Жапаров, аймак, укук, Берүү, жумушчу, топ, ИИМ
Тема боюнча
"Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу мыйзамы күчүнө кирди. Канчага кыскарат
Бизнес өкүлдөрү Садыр Жапаровго кайрылды. Себеби
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

0
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды