Күйүүчү май сатуучу жай. Архивдик сүрөт

Доллар кымбаттап, алтын баасын түшүрдү. Күйүүчү май канчадан сатылууда

117
(жаңыланган 10:45 30.06.2021)
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллар 6 тыйынга кымбаттап, евро, тескерисинче, 5 тыйынга арзандады. Бул тууралуу Valuta.kg порталынан көрүүгө болот.

Акча алмаштыруу жайларында долларды орто эсеп менен 84,83 сомдон, еврону 101,56 сомдон сатып алууда.

Күйүүчү майдын баасы май куюучу жайларда кечээки деңгээлде кармалып турат.

"Роснефть":

  • АИ-92 — 51,2 сом;
  • АИ-95 — 54,2 сом;
  • Дизель майы — 47,1 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 51,2 сом;
  • АИ-95 — 54,4 сом;
  • Дизель майы — 47,1 сом.

Ал эми алтындын баасы төмөндөп, 10 граммы 670 сомго азраныраак сатылып жатат.

117
Белгилер:
баа, бензин, доллар, алтын, Бишкек
Тема боюнча
Жаңы тариф киргизүүнү токтото туралы. Депутаттардын сунушу
Киши лупа аркылуу доллар купюраларды карап жатат. Архив

Дүйнөдөгү карызы асман чапчыган мамлекеттер аталды

221
Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Япония дүйнө боюнча мамлекеттик карызы эң көп өлкө аталды. Бул туурасында РИА Новости Стратегиялык иштеп чыгуулар институтунун инвестициялык анализ жана макроэкономикалык изилдөө борборунун жетекчиси Даниил Наметкинге шилтеме берүү менен жазды.

Карызынын көлөмү боюнча кийинки орундарда Улуу Британия, АКШ жана Еврозона (евро валютасын колдонгон өлкөлөр) турат. 

Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп. Ал эми Улуу Британияныкы 144 пайызга, АКШныкы 160 пайызга, Еврозонаныкы 120,4 пайызга көп.

Ошондой эле ал коронавирустук кризистен улам макроэкономикалык шарттар начарлап кетсе дүйнөлүк банктар каржы системасындагы туруктуулукту сактоо үчүн рыноктун өзгөрүшүнө карап адаттан тыш кадамдарга барууга даяр экенин көрсөткөнүн белгилеген.  

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын суммасы 5 миллиард доллардын тегерегинде.

221
Белгилер:
эксперт, мамлекет, Дүйнө, карыз, Япония
Тема боюнча
Мамлекеттик карыз боюнча рекорд жаңыланды
Эл көп алган автоунаалардын баасы кандай болуп өзгөрдү. Инфографика 

Эл көп алган автоунаалардын баасы кандай болуп өзгөрдү. Инфографика 

1236
Sputnik агенттиги жума сайын унаа базарларындагы машиналардын баасы тууралуу маалыматтарды жазып келет.
өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы

Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын июль айына чейин эл көп алган жолтандабастар менен кроссоверлердин баасы кандай өзгөргөнүн аныктадык. 

Эң популярдуу автоунаалардын тизмесине киргендер: Lexus GX 470; Honda CR-V; Toyota RAV4; Lexus RX 350; Volkswagen Touareg; Subaru Forester; Toyota Landcruiser; Kia Sportage; Hyundai Santa Fe. 

Инфографикада жылы жаңы болгон унаалардын орточо баасы көрсөтүлдү. Жогорудагы автокөлүктөрдүн көбү орто эсеп менен 200–1000 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Toyota RAV4, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser жана башка унааларга тиешелүү. Ал эми Volkswagen Touareg, Subaru Forester жана Hyundai Santa Fe арзандап, баасы 200-300 долларга төмөндөгөн.

1236
Белгилер:
кымбаттоо, баа, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Министрдин орун басары Урмамбетов айдоочуларга жол эрежелерин түшүндүрдү. Сүрөт  
Кыргызстанда унаалар 1 000 долларга кымбаттады. Автобазардагы баалар
ӨКМ кызматкерлери. Архив

ӨКМ: акыркы суткада үч киши сууга чөгүп кетип, экөөнүн сөөгү табылды

0
(жаңыланган 11:30 26.07.2021)
Куткаруучулар каза тапкандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирөө Чоң Чүй каналына, экинчиси Киров суу сактагычына чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада сууга үч киши чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 25-июль күнү, Бишкектеги Чоң Чүй каналында (БЧК) адамдын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу маркумду суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошол эле күнү Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө эркек киши түшүп кеткен. ӨКМ аны беш куткаруучу издеп жатканын, сөөк табыла электигин билдирди.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров суу сактагычына 27 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге барган үч куткаруучу саат 20:47де маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

0
Белгилер:
куткаруу, сууга чөгүү, милиция, ӨКМ
Тема боюнча
Бишкекте 5 жашар бала сууга чөгүп кетти