Бажы кызматы контрабанда товарлардан бюджетке кошумча 121,2 млн. сом өндүрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовДефицит республиканского бюджета в КР
Дефицит республиканского бюджета в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Өткөн жылдын алты айында контрабанда боюнча 605 гана факты аныкталса, быйылкы көрсөткүч андан 115 пайызга көбөйгөндүгүн айтышты.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери контрабандалык товарлар боюнча 1 301 факты аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик бажы кызматы аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн 2021-жылдын I жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган.
Жалпысынан 1 301 мыйзам бузуу фактысы аныкталган, анын ичинен:
  • 1 188 иш козголуп, 5 118 500 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлүп, 25 308 897 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн;
  • Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 113 материал тергөө органдарына өткөрүп берилген, келтирилген зыян 64 458 328 сом өлчөмүндө өндүрүлгөн;
  • Бажылык мыйзам бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 288 475 сом суммасында бажы төлөмдөр казнага түшкөн.
"Натыйжада алты айлык иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча 121,2 миллион сом түшкөн. Ошондой эле былтыркы жарым жылдыкта 605 гана бузуу аныкталса, быйылкы көрсөткүч 115 пайызга көп болду", — деп айтылган маалыматта.
Аны менен бирге бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 46,5 миллион сомго же 62,4 пайызга көбөйгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0