Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жаңы долбоорлоруна 27 млн. доллар бөлүнөт

© AP Photo / LM OteroПечать долларовых купюр
Печать долларовых купюр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Буга чейин Артём Новиков Кыргызстанда саясий абал турукташып калганына байланыштуу фонд 1-июлдан тарта долбоорлорду каржылоосун баштаганын айткан.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россиянын экспорт-импорттук банкы Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) жаңы долбоорлору үчүн 27 миллион долларлык каржылоо линиясын ачат. Бул тууралуу фонд төрагасы Артём Новиков менен банк башкармалыгынын төрагасы Азер Муталим оглы Талыбов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ошондой эле тараптар август айына чейин Кыргызстанга Россияда өндүрүлгөн жогорку технологиялык жана айыл чарба жабдууларын жеңилдетилген шартта лизингдик программа аркылуу жеткирүү маселесин чече турган болушту.
"Бул программанын аркасы менен кыргызстандык ишкерлер Россияда өндүрүлгөн алдыңкы техникага жетип, долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — дешти фонддон.
Буга чейин Новиков Кыргызстанда саясий абал турукташып калганына байланыштуу фонд 1-июлдан тарта долбоорлорду каржылоосун баштаганын айткан
Жаңылыктар түрмөгү
0