Уурдаганыңарды кайтаргыла! "Кумтөр" жамааты Centerra жетекчисине жооп берди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Кумтөр Голд Компани" эмгек жамааты. Архив
Кумтөр Голд Компани эмгек жамааты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Буга чейин Centerra компаниясынын президенти Скотт Перри "Кумтөрдүн" эмгек жамаатына кат жолдоп, кенге байланыштуу бир топ маселелерди козгогон.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Кумтөр" кенинин эмгек жамааты Centerra компаниясынын президенти Скотт Перринин буга чейинки кайрылуусуна жооп берди. Ачык кат ишкананын расмий сайтына жарыяланды.
Жетекчинин буга чейинки кайрылуусунда Centerra Gold Inc. миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылганы, кийин кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө канча аракет кылса дагы майнап чыкпаганы жазылган.
"Биз, "Кумтөр" кенинин миңдеген кишиден турган эмгек жамааты, сиздин 1-июль күнү жазган кайрылууңузду окуп, көңүл калуу, түшүнбөстүк сыяктуу сезимдерге туш болдук. Биз сиздин айткандарыңызда кайсы нерсе өзгөчө жагымсыз болгонун дагы бөлүп айта албайбыз. Эки жүздүүлүк, жоопкерчиликтен качуу, калп, айтор, баары бар... Кайрылууңузда Советтер Союзунун геологдору дээрлик жарым кылым мурда Тянь-Шань тоолорунун арасынан, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте алтын тапкан деп ачылыш жасагансып айтыптырсыз", — деп жазылат катта.
Ошол эле учурда кызматкерлер "Кумтөр" алтынына Скотт Перринин түз дагы, кыйыр дагы тиешеси жок экени айтылат.
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Кумтөрдө кошумча бургулоо иштери жасалат
"Сиз кен өтө татаал аймакта жайгашкандыктан, ондогон жылдар бою аны өздөштүрүү мүмкүн эмес деп эсептелип келгенин айтыптырсыз. Бул туура эмес. Кеп ал жерди техникалык жактан өздөштүрүүнүн татаалдыгында эмес. Кеп Советтер Союзу урагандан кийин мамлекеттин башына келген адамдарда болуп жатат. Биз аларга ишенгенбиз! Кумтөрдөй активи бар жаш республиканын экономикасын тез эле бутуна тургузуп алуу мүмкүнчүлүгү бар эле", — дешти кызматкерлер ачык катта.
Бирок мындай болгон жок. Авторлордун пикиринде, буга өлкө башына биринчи жана кийин келген жетекчилердин Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иш алып барганы себеп болгон.
Кызматкерлер Скотт Перрини "мындан ары алардын кантип күн көрөрү эч бир кызыктырбаганына" токтолушту.
Ошондой эле жамаат өкмөт ишкананы сырттан башкарууга алганын колдой турганын билдирди.
"Сиз башкарган компания бир катар экологиялык мыйзам бузууларга барганы соттук негизде аныкталганы маанилүү. Суу кодекси жана Суу тууралуу мыйзамды бузуп, иштетилген породаларды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн үстүнө таштагансыңар. Учурда аппак мөңгүлөрдүн үстүндө бийиктиги 100 метрден ашык капкара таштанды жатат. Бул, Перри мырза, сиз биздин мыйзамдарды, негизи эле адам баласынын принциптерин бузуу менен кылган аракеттериңиздин "акыбети", — дешти кызматкерлер.
Кумтөр алтын кенинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Кумтөрдөн практика жана стажировкадан өтүү үчүн берилген орундар көбөйдү
Ошондой эле алар кен менен сырттан иштешкен компанияларга Перринин кызматташууну токтотуу боюнча кат жазып койгонуна нааразы болууда. Бул нерсе кызматкерлердин коопсуздугуна коркунуч жаратканы айтылат.
"Эмне себептен биз көп жылдар бою эмгектенип топтогон нерсени бузуп салууга аракет кылып жатасыз? Бирок биздин элде кыбыраган кыр ашат деген сөз бар. Эмгек жамааты сиздер тараптан келтирилген тоскоолдуктардан акырындап өтүүгө аракет кылууда", — дешкен кызматкерлер.
Каттын аягында жамаат Перриден "тоноп кеткен каражаттарды кайтарып берүүсүн" талап кылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0