Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Өкмөт "Түндүк электр" сыяктуу компаниялардын баарын бириктирүүнү көздөп жатат

© Фото / пресс-служба ОАО "Северэлектро"Бишкектеги "Түндүк электр"
Бишкектеги Түндүк электр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Учурда мамлекеттик төрт чоң бөлүштүрүүчү компания бар. Алар — "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр".
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри мамлекеттик бөлүштүрүүчү энергокомпанияларды бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу министрликтин Электр энергетика башкармалыгынын жетекчиси Марат Жээнбеков билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрликтин Электр энергетика башкармалыгынын жетекчиси Марат Жээнбеков
Начальник управления электроэнергетики Минэнерго КР Марат Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Министрликтин Электр энергетика башкармалыгынын жетекчиси Марат Жээнбеков
"Энергокомпанияларды чыңдоо үчүн аларды бириктирүү тууралуу сөз болуп жатат. Азыр баары иликтенип, анализ жасалууда. Бардык реформанын алдында иш канчалык натыйжа берерин карашыбыз керек. Эгер анализ экономикалык жактан пайда алып келсе, электр тогун бөлүштүрүүчү жана чыгаруучу компаниялар бириктирилет", — деди ал.
Буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев ведомство кыскартууларга жана чыгымдарды оптимизациялоого барышы керектигин айткан.
Кыргызстандагы ГЭСтер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы
"Тарифтер энергетикалык компаниялардын чыгымдарына жараша түзүлөт. Бардык чыгымдарды кыскартып, оптимизация кылышыбыз керек. Бизде азыр төрт чоң бөлүштүрүүчү компания бар — "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр". Алар жадагалса керектүү жабдууларын толугу менен сатып ала албайт, түшкөн каражат чыгымдарын жаппайт. Андыктан бириктирүү тууралуу кеп козголду. Мисалы, азыр бир компания жабдууну бир жерден алса, экинчиси башка жактан алат. Анан сапаты жагынан аксайт", — деди Бекмурзаев.
Ошондой эле ал баарын бириктирүү менен энергетика тармагында реформа жасаларын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0