Нефть качалкасы. Архив

Жаңы мунай дүрбөлөңү: Россия кандай пайда көрөт?

228
Мунай жана газдын глобалдык баасы көп жылдык максимумун жаңыртты. Акыркы күндөрү жүргүзүлгөн түзөтүүлөрдү эсепке алганда да бул абдан кымбат. Мындан ары эмне болот?

Энерготашуучулардын наркын божомолдоо — берекесиз иш. Бирок рыноктогу абалды талкуулоо кызыктуу. Башкысы азыркы баалардын канчалык туруктуу экенинде, себеби рыноктун мыйзамына ылайык кымбат баа кошумча сунуштарды, андан соң рыноктун сууй түшүшүн өбөлгөлөйт. Ошондой жагдай түзүлүшү мүмкүнбү? Бул жагынан караганда мунай, газ рыногундагы кырдаал окшошуп да кетет, айырмаланып да турат.

Окшоштугу – кошумча сунуштун потенциалдуу булактарынын биринде, атап айтканда, Кошмо Штаттардагы сланецтик мунай жана газ казуу... Айырмачылыгы – кымбат баага реакция кылуунун ылдамдыгында. Мунай жаатында баары бачым жүрөт. Кырдаалга РИА Новости баам салды.

Адегенде мунайдан баштайлы. Мында кымбат баанын себептери белгилүү. Суроо-талап калыбына келүүдө, ал эми чектөөлөр акырындап жоюлуп жатканы менен ОПЕК+ келишими дале күчүндө. Бирок күнүнө төрт миллиондон ашуун баррель мурдагыдай эле ушул макулдашуунун алкагында бекитилген бойдон.

Ага катар эле ОПЕК+ келишиминин чегинен тыш жерлерде сланецтик мунай казуу акыркы жылдары жетиштүү инвестицияланбаганынан улам сунуш токтоп калган. Ошондуктан америкалык сланецтик мунай казууга кызыгуу күч алды.

Окуялардын өнүгүшүнүн стандарттык логикасы анык, акыркы жылдары анын тегерегинде рынокто тактика түзүлүүдө: өтө кымбат мунай сланецтик кен казууну өбөлгөлөп, бул сунуштун өсүшүнө жана баанын төмөндөшүнө түртөт. ОПЕК+ тобунун рыногундагы мунай таңсыктыгы жана ашыкча болуп турган маалда кен казууну жогорулатып же азайтуу абзел.

Теорияда баары түшүнүктүү, бирок иш жүзүндө бул ыкманы ишке ашыруу алкагында ОПЕК+ келишиминин катышуучулары арасында талаш-тартыштарга күбө болуп келебиз. Бааларды кымбат деңгээлде кармап турууну жактагандардын жүйөсү да бар: сланецти калыптандыруу абдан жай жүрүп, америкалык мунай казуу дээрлик жогорулай элек.

Бургулоочу орнотмолордун саны ушул тапта болгону 40 пайызга гана жанданган, жогорулашы да мүмкүн. Башкача айтканда, бул ирет америкалык сланецчилер маңызында ОПЕК+ келишимине кошулгандай эле болду. Кен казууну көбөйтпөстөн, баа жогору кармалып турган убакта карыздарын, акционерлерге акчаларын кайтарууну ылайык көрүштү. Анткен менен 75-80 доллар да – алар үчүн көлөмдү жогорулатууну ойлонууга азгыра турган баа.

Кантсе да мында белгисиздиктин үч фактору бар. Биринчиден, ОПЕК+ келишиминдеги жаңы пикир келишпестиктердин белгилери. Бул азыркы чектөөлөрдүн узартылышы менен да, жаңжал, анан да кен казуу көлөмүнүн көбөйүшү менен да аякташы ыктымал.

Экинчиден, АКШдагы кен казуунун өсүшүн өбөлгөлөй турган мунайдын кымбат баасы. Ал эми үчүнчүдөн, "иран фактору". Бирок газ рыногу да андан кем эмес, мында да баалар көп жылдык максимумдарды көрсөтүүдө. Себептер көп, азыр алар айкын да болуп турат. Анткен менен жарым жылдай эле убакыт мурун рынокто таптакыр башкача маанай эле. Азыр суюлтулган жаратылыш газы Азияга кетүүдө, Европада көмүркычкыл эмиссиясына квоталардын баасы жогорулоодо.

Биз мында келечектеги суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун жоромолдоодон алыспыз, таразанын эки табагында тең белгисиздиктер бар. Анан да газ жаатында аба-ырайы фактору да роль ойнойт. Газдын кымбат баасы да туруксуз деген пикирлер көп айтылат, анткени андай жагдайда АКШ бүт дүйнөнү суюлтулган жаратылыш газына толтурмак. Баары бат эле алмашып турган мунай рыногунан айырмаланып, суюлтулган жаратылыш газын алуу үчүн кошумча заводдорду курууга туура келет. Ал эми буга кеминде эле дагы төрт жыл керек.

АКШда газдын ички баасы да кыйла өстү, бирок азыркы баанын тушунда деле суюлтулган табигый газын экспорттоочулар глобалдык рынокто дурус пайда көрүүдө. Бирок мунайчылар кааласа, нефтинин бааларынын азыркы толкунун да тез эле өздөштүрүп алышы ажеп эмес. Ал эми газ тармагында андайга жол берилбейт.

Акыркы жылдары дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер арасында төмөнкүдөй бир пикир кеңири таралган: "Газпром" АКШда суюлтулган жаратылыш газынын жаңы заводдорун курууга түрткү болбош үчүн Европада баалардын өсүшүнө жол бербөөгө бар күчүн жумшайт. Чындап эле, көпчүлүк учурда "Газпром" Европага экспорт көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылган. Мындайда экспортту жогорулатуу негизги максат эмес, болгону жогоруда аталган жагдай буга себеп болгон.

Бирок абал өзгөрдү. "Газпром" ушул тапта "Түндүк агым — 2" долбоорунун ишке киришин күтүп, ошондон улам газды Украина аркылуу жеткирүүгө ашыккан жок.

Европалык газ сактагычтарындагы таңсыктык "Түндүк агым – 2нин" ишке берилишине саясий тоскоолдуктарды азайтары турулуу иш. Кандай болгон күндө да мурда иштеген концепция азыр жокко чыгарылган. Ага катар эле кымбат баанын тушунда "Газпром" кошумча киреше табат.

Ошентсе да азырынча биз Кошмо штаттарда суюлтулган жаратылыш газ заводдорун куруу боюнча акыркы инвестициялык чечимдердин кабыл алынганын байкай элекпиз. Бирок глобалдык суроо-талап жана сунуштардын узак мөөнөттүү балансында америкалык суюлтулган газга кыйла үлүш түшөт. Ошондуктан АКШда бул багыттагы жаңы заводдордун курулушу толук мүмкүн, бирок рынокко анын таасири бир нече жыл өткөндө гана байкалары бышык.

228
Белгилер:
Украина, Европа, Түндүк агым - 2, Россия, рынок, баа, мунай, нефть, газ
Тема боюнча
Россия чүкөсү айкүр түшүп. Байдендин кибер чабуул боюнча айтканы чечмеленди
Чүйдөгү Silk Way логистикалык борбору

Чүй: Эгемендүүлүк күнүнө карата ири логистикалык борбор ачылат

114
(жаңыланган 17:31 24.07.2021)
Ири логистикалык борбор боюнча долбоор иштеп баштары менен "ЮниЛаб" (Кант шаарына жакын), "БТС" (Бишкек) терминалдарынын иштери токтотулмакчы.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн, 24-июлда, өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бажы башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердик жүргүзгөндөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

  • Бүгүн, 24-июлда өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды.
    Бүгүн, 24-июлда өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды.
    © Фото / пресс-служба ГТС КР
  • Председатель Государственной таможенной службы Самат Исабеков ознакомился с ходом строительства нового логистического центра Silk Way. 24 июля 2021 года
    Бажы башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердик жүргүзгөндөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
    © Фото / пресс-служба ГТС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГТС КР
Бүгүн, 24-июлда өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды.
"Бул өз кезегинде эл аралык соода жана товар жүгүртүү бөлүгүндө өлкөнүн экономикалык дараметин жогорулатууга жана өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир тийгизет. Индустриалдык парктын ачылышы анын көп функционалдуу болгону менен маанилүү. Бажы брокерлери жана кампа жайлары борборлоштурулат, тагыраак айтканда, бизнесмендер жана тышкы экономикалык ишкердик жүргүзгөндөр бардык кызматтарды бир жерден пайдалана алышат. Бул алардын иш жүргүзүүсүн кыйла жеңилдетет. Албетте, бул мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүүсүн жогорулатат", — деп белгиледи Исабеков.

Исабеков бул улуттук долбоор иштеп баштаганда "ЮниЛаб" жана "БТС" терминалдарынын иштөөсү токтотуларын кошумчалады.

Ири улуттук индустриалдык парктын ачылышы Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө карата 31-августка пландалган.

114
Белгилер:
экономика, логистикалык борбор, ачылыш, парк, Мамлекеттик бажы кызматы
Тема боюнча
Кыргызстанда төрт соода-логистикалык борбор куруу пландалууда
Өсүмдүк майын саткан супермаркет. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда өсүмдүк майдын баасы түшөбү. Агенттиктин маалыматы

161
Бир жыл мурда өсүмдүк майдын баасы 84,6 сом болсо, азыр 159 сомго чыккан. Акыркы маалыматтарга караганда, май арзандашы мүмкүн.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россияда күн караманын түшүмү мол болору күтүлүүдө. Бул тууралуу КРдин Монополияга каршы агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ведомство Кыргызстандагы өсүмдүк майдын кымбатташынын динамикасын көрсөттү.

Июлдун аягында өсүмдүк май 84,6 сом болсо, ал эми июндун аягында 162 сомду чапчыган. Ал эми учурда 159 сомдон сатылууда.

Эске салсак, Кыргызстан өсүмдүк майдын көпчүлүгүн Россиядан сатып алат.

"Россияда быйыл күн караманын түшүмү көп болуп, 15,9 миллион тоннага жетип, рекорд жаратышы мүмкүн. Анткени менен май айында 15,4 миллион тоннаны күтүп жатканын айтышкан. Мурдагы рекорд 2019-жылы — 15,4 миллион тоннаны түзгөн. Өткөн жылы 13,3 миллион түшүм алынган", — деп айтылган билдирүүдө.

Россиянын өзүнүн ички рыногунда өтө тездик менен болбосо дагы абал жөнгө салынып келет. Майдын аягында күн караманын баасы тоннасына 53,1 миң рубль болсо, июнда 40,9 миңге түшкөн. Күн караманын чийки майы май айынын соңунан июнга чейин 118 миң рублден 100 миңге дейре арзандаган.

"Мындай тенденция Кыргызстандын рыногундагы өсүмдүк майдын наркына - товардын көп болушу жана баанын турукташына өзүнүн оң таасирин тийгизбей койбойт. Буга наркты жөнгө салуу боюнча мамлекеттик иштердин алкагындагы аракет жана кошумча нарк салыгын албоо да жардам берет", — деп жазылган маалыматта.

Анткен менен Бишкектеги соода жайларда өсүмдүк майдын 0,9 литрге болгон эң төмөнкү баасы 113 сом.

161
Белгилер:
арзандоо, Өсүмдүк майы, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Доллар менен алтын арзандап, күйүүчү майдын баасы рекорддук чекке жетти
Маммүлк килограммын 27 сомго баалап ун сатууда. Кампалардын дареги
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

0
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

0
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео