Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков

Новиков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду кайрымдуулук уюм эмес

138
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков фонд каржылоого талапкер болгон долбоорлор кандай критерийлер менен бааланарын Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып түшүндүрдү.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Анын айтымында, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондун көбүнчө каржылай турчу арыздарды узак убакыт карагандыгы үчүн сындашат.

"Долбоорду алгандан кийин арыз берген адам менен сүйлөшүп, анын каржылык мүмкүнчүлүгүн жана канча каражат жүгүртөрүн баалайбыз. Бизге сатуу рыногу жана анын келечеги маанилүү. Эгер кардар цемент заводун курууну каалап, бирок ал аймакта ушул сыяктуу ишканалар болсо, жаңы долбоор атаандаштыкка туруштук бере албаса, анда пайда чыкпайт. Кандай учур болбосун биз консультация берип көмөктөшө алабыз. Эгер ишкердин кызыктуу идеясы болуп, бирок баарын кагазда көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жетпесе, анда каржылоонун көлөмүн так аныктоо үчүн биз техникалык негизин иштеп чыгып бере алабыз. Адамдар Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду кайрымдуулук уюм эмес экенин түшүнүшү керек. Биз долбоорду үч принципке таянып каржылайбыз. Алар тездик, акы төлөө жана кайтарып алуу", — деди Новиков.

Анын айтымында, фонддун жумушунун артыкчылыгы долбоорду коштоо жана пайыздык ченди Кыргызстандагы коммерциялык банктарга салыштырмалуу аз берүү болуп саналат.

138
Белгилер:
долбоор, насыя, пайыз, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, Артем Новиков
Тема боюнча
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоосун жандантты
Киши лупа аркылуу доллар купюраларды карап жатат. Архив

Дүйнөдөгү карызы асман чапчыган мамлекеттер аталды

182
Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Япония дүйнө боюнча мамлекеттик карызы эң көп өлкө аталды. Бул туурасында РИА Новости Стратегиялык иштеп чыгуулар институтунун инвестициялык анализ жана макроэкономикалык изилдөө борборунун жетекчиси Даниил Наметкинге шилтеме берүү менен жазды.

Карызынын көлөмү боюнча кийинки орундарда Улуу Британия, АКШ жана Еврозона (евро валютасын колдонгон өлкөлөр) турат. 

Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп. Ал эми Улуу Британияныкы 144 пайызга, АКШныкы 160 пайызга, Еврозонаныкы 120,4 пайызга көп.

Ошондой эле ал коронавирустук кризистен улам макроэкономикалык шарттар начарлап кетсе дүйнөлүк банктар каржы системасындагы туруктуулукту сактоо үчүн рыноктун өзгөрүшүнө карап адаттан тыш кадамдарга барууга даяр экенин көрсөткөнүн белгилеген.  

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын суммасы 5 миллиард доллардын тегерегинде.

182
Белгилер:
эксперт, мамлекет, Дүйнө, карыз, Япония
Тема боюнча
Мамлекеттик карыз боюнча рекорд жаңыланды
Эл көп алган автоунаалардын баасы кандай болуп өзгөрдү. Инфографика 

Эл көп алган автоунаалардын баасы кандай болуп өзгөрдү. Инфографика 

1206
Sputnik агенттиги жума сайын унаа базарларындагы машиналардын баасы тууралуу маалыматтарды жазып келет.
өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы

Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын июль айына чейин эл көп алган жолтандабастар менен кроссоверлердин баасы кандай өзгөргөнүн аныктадык. 

Эң популярдуу автоунаалардын тизмесине киргендер: Lexus GX 470; Honda CR-V; Toyota RAV4; Lexus RX 350; Volkswagen Touareg; Subaru Forester; Toyota Landcruiser; Kia Sportage; Hyundai Santa Fe. 

Инфографикада жылы жаңы болгон унаалардын орточо баасы көрсөтүлдү. Жогорудагы автокөлүктөрдүн көбү орто эсеп менен 200–1000 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Toyota RAV4, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser жана башка унааларга тиешелүү. Ал эми Volkswagen Touareg, Subaru Forester жана Hyundai Santa Fe арзандап, баасы 200-300 долларга төмөндөгөн.

1206
Белгилер:
кымбаттоо, баа, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Министрдин орун басары Урмамбетов айдоочуларга жол эрежелерин түшүндүрдү. Сүрөт  
Кыргызстанда унаалар 1 000 долларга кымбаттады. Автобазардагы баалар
Архивное фото водителя, который держит бутылку водки в руках

Ичип алып рулга отургандар көбөйдү. Чүйдөгү рейддин көңүл чөгөргөн жыйынтыгы

0
(жаңыланган 10:51 26.07.2021)
Акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталды. Президент рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырса, ИИМ башчысы кызматкерлер үч смен менен иштээрин айткан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Чүй облусунда узаган жумада ичип алган айдоочулар андан мурдагы аптага караганда көп аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБ билдирди.

Эске сала кетсек, акыркы убакта Чүй жана Ысык-Көл облустарында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары катталган. Президент Садыр Жапаров жума күнү, 23-июлда, ИИМге мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырган. Ошол эле күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үч смен менен иштөөсүн тапшырган.

Редакция узаган жума жана андан мурдагы аптадагы маалыматтарды салыштырып, мыйзам бузуунун эки түрү көбөйгөнүн аныктады. Кеп бир гана Чүй облусу тууралуу сөз болуп жатат.

Мыйзам бузуулардын жалпы саны — 2 258 (эки жума мурда — 1 733), анын ичинен:

  • 32 айдоочу мас болуп рулга отурган (андан мурдагы жумада — 23);
  • 814 айдоочу ылдамдыкты ашыра айдаган (андан мурдагы аптада — 793).
0
Белгилер:
мас, айдоочу, рейд, жол кырсык, ЖКККББ, Чүй облусу