Кыргызстанда дарыны кымбаттаткан компанияларга канча айып салынганы айтылды

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүү"Аптека на колесах" на линии разграничения в ДНР
Аптека на колесах на линии разграничения в ДНР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус менен ооругандарды айыктырууда колдонулуучу дарылардын бааларына жумасына эки ирет көзөмөл жүргүзүп жатканын кабарлады.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. 2021-жылы өзгөчө кырдаал тушунда дарынын баасын негизсиз кымбаттаткан төрт фармацевтикалык мекемеге айып салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Салынган айыптардын жалпы суммасы 112 миң сом болгон.
Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин коронавирусту айыктырууга керектүү дарылардын тизмесине кирген препараттардын бааларына жумасына эки жолу көзөмөл жүргүзүп турганы кабарланды.
"Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, дары-дармектин баасы жалпысынан туруктуу сакталууда. Акыркы текшерүү учурунда коронавирусту дарылоодо пайдалануучу препараттардын бааларын фармацевтикалык компаниялар кымбаттаткан учур катталган жок", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик фармацевтика тармагынын өкүлдөрүнүн басымдуу көпчүлүгү дарылардын баасын көтөрбөө зарылдыгына түшүнүү менен мамиле кыларын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0