Кыргызстан менен Араб экономикалык кызматташтык боюнча Кувейт фондунун ортосунда насыя келишимине кол коюлду

Корумду Балбай жолун реконструкциялоо. Кувейт фонду менен келишим түзүлдү

109
(жаңыланган 18:02 13.07.2021)
Айланма жол реконструкцияланса ички жана эл аралык туризм жакшырып, бир топ адам жумуш менен камсыз болору кошумчаланды.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Араб экономикалык кызматташтык боюнча Кувейт фондунун ортосунда 28,9 миллион долларлык насыя келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган каражатка Балыкчы — Каракол автожолунун узундугу 80,5 чакырымды түзгөн Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки бөлүгү реконструкцияланат.

Келишимге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен Кувейт фондунун башкы директорунун орун басары Марван Аль-Ган кол койгон.

Айланма жол реконструкцияланса ички жана эл аралык туризм жакшырып, бир топ адам жумуш менен камсыз болору кошумчаланды.

Фонддун өкүлдөрү менен жолугушууда 20 миллион долларга Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу долбоору да талкууланган. Тараптар долбоорду жакын арада ишке ашыруу тууралуу пикир алмашканы айтылды.

109
Белгилер:
Ысык-Көл, айланма, жол, реконструкция, келишим
Тема боюнча
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты
Лейлектеги бир катар жолдорду оңдоо жана куруу иштери башталды
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев

Жылкыбаев: үч баскычтуу бюджетке өтүшүбүз керек

35
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев өлкө эки баскычтуу бюджеттен үч баскычтуу бюджетке өтүү зарылдыгын айтты.

Эки баскычтуу бюджеттин автору - Акылбек Жапаров. Ал азыр мамлекетте маселе чечкен кызматта отурат, андыктан үч баскычтуу бюджетке өтүү оор го деп ойлойм. Бирок бул заман талабы болуп турат, облуска же районго бюджетти кайтарып берүү зарыл. Мындай пикирин Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: үч баскычтуу бюджетке өтүшүбүз керек

Анын айтымында, айрым салыктардан түшкөн кирешенин жарымын жергиликтүү бюджетте калтыруу абзел. Бул өз кезегинде аймактардын өнүгүшүнө шарт түзүп, айыл өкмөт, акимдердин ишине дем-күч берет.

"Учурда өлкөдө эки баскычтуу бюджет, бирок муну үч баскычтууга өткөрүп, районго же облуска бюджет каралышы шарт. Ошондой эле жер-жерлерден чогулган салыктардын жарымы ошол аймакта калтырылышы керек. Азыр иш кандай жүрүүдө? Салык кызматы борбордо отуруп алып районго план коёт. Ал пландын аткарылышына аким жоопкер болот, бирок райондук салык кызматынын жетекчисин аталган кызмат өзү бекитет. Мына ушундай башаламандыктар көп кездешүүдө. Бир сөз менен айтканда, "оюндун" шарты баарына ачык, түшүнүктүү болушу зарыл. Мамлекеттик кызматкер дагы, ишкер дагы так, даана түшүнүп, аткара турган мыйзамдар жазылганда аймактар өнүгөт", — деди Жылкыбаев.

Ал бардыгын башынан баштап, 1991-жылдарга кайтпай эле, иштеп жаткан мыйзамдардын элге ыңгайлуу жактарын калтырып, андан ары өнүктүрүү менен мыйзам долбоорлору сунушталышы керектигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент тарабынан "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталып, ал 22-июлда эл өкүлдөрүнүн кескин сынына кабылып, кайрадан редакциялоого артка кайтарылган.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

35
Белгилер:
Узарбек Жылкыбаев, мыйзам, мамлекет, башкаруу
Тема боюнча
Карашев: өкмөт чечимди тезирээк кабыл алуусун мыйзамга киргизиш керек
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапары менен барып, Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты

Марипов Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Сүрөт

50
(жаңыланган 14:13 30.07.2021)
"Алтын Альянс" компаниясынын кызматкерлери Мариповго алтынды эритүү процессин көрсөтүп, натыйжада 25 килограммдан ашык алтын куймасы алынган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапары менен барып, Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

  • Председатель Кабинета Министров КР Улукбек Марипов в ходе рабочей поездки в Таласскую область ознакомился с деятельностью золоторудного комбината на месторождении Джеруй
    Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапары менен барып, Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Работа комбината на золоторудном месторождении Джеруй в Таласской области
    Билдирмеге караганда, "Алтын Альянс" компаниясынын кызматкерлери Мариповго алтынды эритүү процессин көрсөтүп, натыйжада 25 килограммдан ашык алтын куймасы алынган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Работа комбината на золоторудном месторождении Джеруй в Таласской области
    Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө комбинатта 1 086 килограмм алтын өндүрүлүп, 940 килограмм тазаланган алтын Улуттук банк тарабынан сатылган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Золоторудный комбинат на месторождении Джеруй в Таласской области
    Жыл аягына чейин 2 300 килограмм алтын өндүрүү пландалып жатканы айтылды
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Председатель Кабинета Министров КР Улукбек Марипов в ходе рабочей поездки в Таласскую область ознакомился с деятельностью золоторудного комбината на месторождении Джеруй
    Министрлер кабинетинин төрагасы комбинаттагы калдык сактоочу жайдын абалын да текшергени айтылды.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 5
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапары менен барып, Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты

Билдирмеге караганда, "Алтын Альянс" компаниясынын кызматкерлери Мариповго алтынды эритүү процессин көрсөтүп, натыйжада 25 килограммдан ашык алтын куймасы алынган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө комбинатта 1 086 килограмм алтын өндүрүлүп, 940 килограмм тазаланган алтын Улуттук банк тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2 300 килограмм алтын өндүрүү пландалып жатканы айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы комбинаттагы калдык сактоочу жайдын абалын да текшергени айтылды. Ал өкмөт үчүн алтын өндүрүүдө экологиялык коопсуздук маселеси маанилүү экенин айтып, ага өзгөчө көңүл бурула турганын белгилеген.

"Алтын Альянс" компаниясы кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сактала турганын кошумчалаган.

50
Белгилер:
Улукбек Марипов, Жер-Үй, Талас облусу, алтын, комбинат, сүрөт
Тема боюнча
Кыргызстандын ири кендеринде канча алтын бар жана аларды ким иштетет. Тизме
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

0
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео