Темир жол. Архивдик сүрөт

Иран менен Кыргызстан Бандар-Аббас Ош транспорт коридорун ачууга макулдашты

131
(жаңыланган 17:09 14.07.2021)
Иран тараптын Кыргызстанга темир жол менен жүк ташууда эң төмөнкү тарифтерди коюуга даяр экени айтылды.

ТЕГЕРАН, 14-июл. — Sputnik, Таалай Ороскулов. Иран менен Кыргызстан Бандар-Аббас — Ош коридорун ачууга макулдашты.

Тегеран шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсү өттү. Анын алкагында "Иран темир жолу" компаниясынын жетекчиси Саид Расули менен Кыргызстандын өнөр жайчылар менен ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраев жолукту. Тараптар жүктү Кыргызстандан ташуу жана ташып чыгуу жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин талкуулады.

  • Встреча руководителя Железных дорог Исламской Республики Иран Саида Расули и президента Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Данила Ибраева в Тегеране
    Тегеран шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсү өттү.
    © Фото / пресс-служба Железных дорог Исламской Республики Иран
  • Встреча руководителя Железных дорог Исламской Республики Иран Саида Расули и президента Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Данила Ибраева в Тегеране
    Анын алкагында "Иран темир жолу" компаниясынын жетекчиси Саид Расули менен Кыргызстандын өнөр жайчылар менен ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраев жолукту.
    © Фото / пресс-служба Железных дорог Исламской Республики Иран
1 / 2
© Фото / пресс-служба Железных дорог Исламской Республики Иран
Тегеран шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда адистештирилген "Евразия" көргөзмөсү өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки жак жүктөрүн жогорудагыдай шартта алып кирүү жана алып чыгуу боюнча макулдашты. Иран тарап Аббас — Ош коридорун Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу жүргүзүү маанилүү экенин толугу менен колдоду. Андан сырткары, "Иран темир жолунун" жүк ташууда Кыргызстанга эң төмөнкү тарифтерди коюу боюнча маселени сүйлөшүүгө даяр экени айтылды.

Бандер-Аббас Ирандагы эң ири порттордун бири. Ал жерден аталган мамлекетке келип түшкөн контейнерлердин 90 пайызын кабыл алышат. Жүк айлануунун көлөмү жылына 25 миллион тоннага жетет. Аталган жай баш-аягы 40 миллион тонна жүктү өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул жерде эл аралык 22 кеме линиясы бар жана ал дүйнөнүн 90 порту менен байланыштырып турат.

131
Белгилер:
жүк ташуучулар, темир жол, кызматташуу, Иран, Кыргызстан
Тема боюнча
Корумду — Балбай жолун реконструкциялоо. Кувейт фонду менен келишим түзүлдү
Алтын куймалары. Архив

Улуттук банктын алтын кору 62,6 млрд. сомго, дээрлик 3 эсеге азайды

47
(жаңыланган 13:08 27.07.2021)
Май айынын башында алтын түрүндөгү активдер рекорддук көрсөткүчтө болуп, 99 миллиард сомго бааланган. Бирок баалуу металлдын дүйнөлүк рыногунда баа кыйла арзандашы менен Улуттук банктын алтын запасынын көлөмү кескин төмөндөгөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Улуттук банктын алтын корунун наркы 62,5 миллиард сомго түшүп кетти. Бул — Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтындагы маалымат.

Алтын-валюталык кор (эл аралык валюталык резерв) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүндүк берет. Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, СDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.

Алтындын наркы:

  • май айынын башында — 99 миллиард 33,7 миллион сом;
  • июнь айынын башында — 82 миллиард 389,6 миллион сом;
  • июль айынын башында — 36 миллиард 439,1 миллион сом.

Башкача айтканда, май айынын башынан тарта алтын корунун наркы 62 миллиард 594,6 миллион сомго же дээрлик үч эсеге арзандаган.

Анткени эл аралык резервдин жалпы көлөмү (алтын жана ар кыл валюталардан турат) бул мезгил ичинде анчалык деле өзгөрбөгөнүн белгилей кетели:

  • май айынын башында — 211,3 миллиард сом;
  • июнь айынын башында — 217,3 миллиард сом;
  • июль айынын башында — 213,6 миллиард.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы Улуттук банкка кайрылып, мындай кескин төмөндөө эмнеге байланыштуу экенин жана өз резервдеринен сатып-сатпаганын сурап көрдү.

Улуттук банктын жообу

Өлкөнүн башкы банкынан 24-июлга карата эл аралык резервдин жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 16,3 пайызды түзгөнүн кабарлашты . Эске салсак, ушул айдын башындагы маалыматтар боюнча, резервдер болжол менен 213,6 миллиард сомго бааланган.

Улуттук банктын жообунда 2021-жылдын башынан тарта алтын түрүндөгү активдердин көлөмүнө төмөнкү көрсөткүчтөр таасир эткени айтылат:

  • эл аралык резервдерди тескөөдөн алынган кирешелер;
  • эл аралык резервдердин курамына кирген валюталардын курсунун өзгөрүшү;
  • баалуу металлдардын баасынын өзгөрүшү;
  • долларга карата улуттук валютанын баасынын өзгөрүшү, Кыргызстандын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөмдөр;
  • өкмөттүн пайдасына түшкөн валюталык каражаттар.

Алтындын наркы кантип алмашып турган?

Отчеттук мөөнөттө Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа) адегенде жогорулаган, бирок андан кийин төмөндөп кеткен. Баалар 31,1 граммдык трой унциясына карата көрсөтүлдү:

  • май айынын башында — 1 миң 797,75 доллар;
  • июнь айынын башында —1 миң 899,35 доллар;
  • июль айынын башында —1 миң 781,5 доллар.

Алтын-валюталык запас (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка сомдун кунун түшүрбөй кармап турууга жол берет.

Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, СDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.

47
Белгилер:
резерв, валюта, акча, алтын, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Беш айда Кыргызстандан 200 млн. доллардан көп акча чыгып кетти. Рекорд
Эсептөө палатасынын имараты. Архив

Эсептөө палатасынын аудиторун 9дан 3кө чейин кыскартуу мыйзамы сунушталды

61
Мындай демилгени депутаттар — Эмил Токтошев, Шералы Абдылдаев, Улан Примов, Тариел Жоробеков жана Арысланбек Акбаров көтөргөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эсептөө палатасындагы аудиторлордун санын кыскартып, үчөөнү гана калтыруу боюнча конституциялык мыйзам долбоору сунушталды.

Демилгечилер — Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Шералы Абдылдаев, Улан Примов, Тариел Жоробеков жана Арысланбек Акбаров.

Мыйзам долбоорунда аудиторлордун санын тогуздан үчкө чейин кыскартуу каралган. Эсептөө палатасынын кеңешинин курамы төрагадан, эки текшерүүчүдөн, аппарат жетекчисинен, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринен түзүлөт. Ал эми анын персоналдык курамы төрага тарабынан аныкталат.

Конституциянын 108-беренесине ылайык, Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттик эмес каражаттардын, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин аткарылышына аудит жүргүзөт. 

61
Белгилер:
Эсептөө палатасы, кыскартуу, демилге, долбоор, мыйзам, аудит
Тема боюнча
Акимдердин президенттикиндей эле кол тийбестиги болот. Мыйзам долбоор
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото

ЖК депутаты: Садыр Жапаров бизди сый тамакка чакырды

20
(жаңыланган 17:44 27.07.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров сессиялар жыйынтыкталып жатканына байланыштуу парламент депутаттарын сый тамакка чакырды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

Анткен менен айрым парламентарийлер шайлоо боюнча мыйзам долбоору талкууланарын айтса, башкалары эмне үчүн чакырылганын таптакыр билбей турганын билдиришти.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалганын, учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болорун айтты.

Буга чейин аталган жолугушууга чакыруу алганын депутат Айсулуу Мамашова айтып, иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өткөн жумада 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.

20
Белгилер:
тамак, депутат, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Депутаттар Садыр Жапаров менен жолугуу үчүн бүгүн да резиденцияга барышат
Депутат Тотонов: Бишкек шаар эмес эле ат сарай, иткана болуп калды