Кыргызстанда айрым курулуш материалдары 200%га чейин кымбаттады. Себеби

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүВ расселенном из-за шума доме в Санкт-Петербурге началась продажа апартаментов
В расселенном из-за шума доме в Санкт-Петербурге началась продажа апартаментов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев бааны турукташтыруу үчүн Казакстан менен өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, керектүү жабдууларды алуу боюнча келишим түзүү керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев Sputnik радиосунун эфиринде курулуш материалдары рыногундагы абалды түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, курулуш материалдарынын айрым түрлөрү акыркы айларда 200 пайызга чейин кымбаттады.
"Курулуш арматура менен бетондон башталат. Акыркы айлар ичинде биринчиси 211 пайызга, экинчиси 177 пайызга баасын көтөрдү. Анын арты менен баары кымбаттап жатат. Кыргызстанда кирпич менен цементтен башка нерсе өндүрүлбөйт. Анда ал экөө эмнеге кымбаттады деген суроо туулат? Бул материалдарды өндүрүү үчүн жабдуулар Казакстандан алынат. Курулуш сезону эки өлкөдө бир учурда болгондуктан, атаандаштык күч алып, баалар өсүп жатат", — деди адис.
Ал бааны турукташтыруу үчүн коңшу өлкө менен өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, керектүү жабдууларды арзан баада алуу боюнча келишим түзүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0