Улуттук банктын резерви күн сайын 2 млн. долларга азайып жатат

© Photo / Pexels / John GuccioneИспользование долларов США
Использование долларов США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Алтын валюта резервинин көлөмү өткөн жылдын август айында рекорддук көрсөткүчкө жетип 3 миллиард долларды түзгөн.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюталык резерви июнь айында 59,3 миллион долларга азайды. Бул туурасында Улуттук банктын ачык маалыматында көрсөтүлгөн.
Апрелдин аягында эл аралык валюта резерви 2 миллиард 784,4 миллион долларды түзгөн. Андан мурунку айдын аягына салыштырмалуу 2 миллиард 725,1 миллион сомго кыскарган. Эмнеден улам азайып жатканы жазылган эмес.
Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Кыргызстандын бюджети профицитке чыкты. Каражат кайдан көп түшүп жатат
Белгилей кетсек, Улуттук банк июнь айында интервенция жүргүзгөн эмес.
Алтын валюта резервинин көлөмү өткөн жылдын август айында рекорддук көрсөткүчкө жетип 3 миллиард долларды түзгөн. Резерв бир нече айга импорт боюнча чыгымдарды жабууга жетет.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал валюталардын ондогон түрүнөн турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.
Жаңылыктар түрмөгү
0