Өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү кыскарды. Салык кызматы себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные монеты Кыргызстана
Национальные монеты Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда 2020-жылдын 1-июлунан тартып "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасы ишке киргизилген. Андан бери нарк салыгы көбөйүп, система мамлекеттик казынага пайда алып келип жатканы айтылды.
БИШКЕК, 16-июл. – Sputnik. Электрондук эсеп-фактура системасы киргизилгенден кийин республиканын бюджетине салык көбүрөөк түшүп, көмүскө экономиканын көлөмү кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
"Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызматтарга карата кошумча нарк салыгы 7101,7 миллион сомду түзгөн. Муну менен өткөн жылдын деңгээли 51 пайызга же болбосо 2,4 миллиард сомго жогору болду. Ал эми 2019-жылга салыштырмалуу деңгээли 18,4 пайызга же 1,1 миллиард сомго көп түштү", — деп айтылат маалыматта.
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Салык төлөбөгөн ишкерлерге жеңилдик берүү мөөнөтүн узартуу сунушталды
2021-жылдын алты айында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген товарлардын импортунан түшкөн салыктын наркы 11 миллиард 391,3 миллион сомду түзгөн. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,1 миллиард сомго көп экени айтылды.
Эске салсак, Кыргызстанда 2020-жылдын 1-июлунан тартып "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасы ишке киргизилген. Өкмөттүн 2020-жылдын 19-июнундагы токтомуна ылайык, бардык салык төлөөчүлөр жана товарларды ташып келүү жана экспорттоо менен алектенген субъектилер электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдоно башташкан.
Ушул жылдын 6-июлуна карата электрондук эсеп-фактураларды пайдалануучулардын саны 14 миң 77 салык төлөөчүнү түзгөнү кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0