Тоют жыйноо. Архив

Импорттолгон тоюттун айрым түрлөрү кошумча нарк салыгынан бошотулду

99
(жаңыланган 18:08 16.07.2021)
Бул чечим өкмөт тарабынан мал багуу менен алектенген субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Импорттолгон бир катар тоют азыктары кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мал багуу менен алектенген субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында айрым товарларга кошумча нарк салыгы нөл пайызга түшүрүлдү.

"2021-жылдын 15-июлунан 31-декабрына чейин тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранул түрүндөгү саман жана дан өсүмдүктөрү, брюква, жалбырактуу кызылча, тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак, жүгөрү, арпа, сулу үчүн кошумча нарк салыгы алынбайт", — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан 31-августка чейин ушул сыяктуу салык жеңилдиги кумшекерге, өсүмдүк майына, ал эми 1-июлдан 31-декабрга чейин жылкы, бодо мал, чочко, кой-эчки жана канаттуулар үчүн киргизилген.

Өкмөттөн билдиришкендей, КНСтин алып салынышы бодо малды ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтөт, ошондой эле жер аянтын кеңейтүүгө, бордоп семиртүүчү жайлардын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө, этти кайра иштетүү тармагы үчүн тоют жана чийки зат менен камсыз кылуу боюнча тапшырыктарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

99
Белгилер:
Кыргызстан, салык, жеңилдик, тоют
Тема боюнча
Кыргызстанда айрым курулуш материалдары 200%га чейин кымбаттады. Себеби
Азык-түлүктүн кымбатташы боюнча Кыргызстан ЕАЭБде биринчи орунга чыкты
Рубль валютасынын символу. Архив

Рубль дүйнөдө наркы бааланбаган валюта. Доллар чынында канча турат?

74
(жаңыланган 17:02 05.08.2021)
Россия жана АКШдагы McDonald's тамактануучу жайларындагы бигмактын (керектөөчүлөрдүн сатып алуу жөндөмүнүн бейрасмий түрдөгү индекси, бул тез татым түйүнүндө Big Mac – "сыйлуу" бургерлердин бири) баасына карасак, доллар 30 рубль болууга тийиш. Бул 2013-жылдагыдан аз.

Ирина Бадмаева

Америкалык экономикалык журналдын индикатору канчалык объективдүү жана эмнеликтен иш жүзүндөгү жана "бургердик" баалар эмнеге мынчалык айырмаланары тууралуу Ирина Бадмаеванын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.

"Экономисттин" шакабасы (тамашасы)

Россиялык рубль бааланбагандыгы боюнча "бигмак индексине" ылайык ливан фунтунан гана өйдөңкү сапта турат. Бургер бирдей баада болушу шарт экени болжонот. АКШга караганда арзан турган өлкөдө жергиликтүү валютанын наркы бааланбай, же тескерисинче, ашкере бааланат.

Россияда бигмак — 169 рубль, АКШда — 5,65 доллар. Демек, адилеттүү курс 30ду түзөт. Бирок алмаштырууда реалдуу баасы — 74,53. Башкача айтканда, доллар боюнча РФ валютасы дээрлик 60 пайызга, ал эми евро — 11,1, британиялык фунт — 15,5га бааланган эмес. Төрт акча бирдиги ашкере бааланган. Бул тизмеде венесуэлалык боливар айрыкча айырмаланат, дегеле ал 47,7 пайызга арзан болушу керек эле. Швейцариялык франк — 24,7, норвегиялык жана швед крондору — 11,5 жана 9,6га ашык бааланган.

"Бигмак индексин" 1986-жылы The Economist журналы тамаша иретинде ойлоп чыккан. Бирок эми маңызында керектөөчүлүк жөндөмдүүлүк паритетин аныктоонун бейрасмий ыкмасы — бирдей эле товардын наркына карап эки валютаны салыштыруу. Жылына эки ирет эсептелет.

Бардык жерде сатылгандыктан McDonald's гамбургерин тандап алышкан. 1980-жылдары эле тез татым ресторан түйүнү глобалдык бизнеске айланган. Буга мүнөздүү болгон М тамгалуу тамактануу жайлары Бермуд аралдарында, Иран, Македония, Йемен, Черногория, Түндүк Корея, Зимбабве, Боливия, Армения жана Исландияда жок.

Башкысы — классикалык бигмак бардык жерде бирдей. Анан жалпы эл сатып ала тургандай эле азыктардан – нан, сыр, котлета, жашылчадан жасалат. Өткөн айдагы соңку рейтингге ылайык, көп өлкөлөрдө бигмак Кошмо Штаттарга караганда, атап айтсак, Австралия, Сауд Аравиясы, Катарда арзаныраак. Тизменин акыркы саптарында Азербайжан, Түркия, Түштүк Африка бар.

Таанымал экени анык, бирок калыстыкка жатпайт

Рублдин бааланбаганы ондогон жылдардан бери айтылып келет. Бирок "бигмак индексинен" тышкары дагы башка факторлор толтура. Анан да бургер ар кайсы өлкөлөрдө бирдей баада боло албайт.

Айталы, маяна жана ижаралык үстөк РФте Кошмо Штаттарга салыштырмалуу кыйла аз. Ошол себептен баа дагы төмөн. Анан да бигмактар тиричилик электроникасы же акылдуу телефон сымал сырттан ташып келинбейт, жеринде жасалат. " iPod индекси" боюнча рубль ашкере бааланып, кыйла арзан турары бышык. Ошону менен бирге эле McDonald's компаниясы бааны жергиликтүү калктын реалдуу кирешесин жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө жараша белгилейт. Салык жана атаандаштык туурасында да унуткарбоо абзел. Ошондуктан "бигмактын индексин" адилеттүү дешке болбойт. Салыштыруунун мындан да комплекстүү жана ачык ыкмалары бар. Маселен, эң зарыл товар, сырье, жарым-жартылай даяр азыктардын негизинде. Алардын бааларын коммерциялык сыр боюнча укугуна таянган жеке компания эмес, рынок коет.

Кеп бигмакта эмес

Улуттук валюта куну өлкөнүн төлөм балансынын узак мөөнөттүү динамикасын аныктайт. Ал өз кезегинде инфляцияга таасир этет.

Эл аралык жана ички валюталык рыноктогу маанилүү оюнчулар — борбордук банктар. Каржылык жөнгө салуучулар улуттук акча бирдигин чыңдоону чектеп, же тескерисинче, кескин түрдө түшүп кетишинен сактай алышат. Валюталык курс алардын көзөмөлүндө, анткени бул – өлкөлөр ортосундагы атаандаштык соода күрөшүнүн негизги ыкмаларынын бири. Натыйжада акча наркы көбүнесе бурмаланат. Активдерди эркин сата алгандар катары эле баанын коюлушунда рыноктун катышуучуларынын күткөнү да камтылат. Андыктан "бигмак индексине" анча таяна берген болбойт.

"Валютасынын наркы бааланбагандардын алгачкы он сабында негизинен дүйнөдө кеңири таралган алдыңкы 100 акча да кирет. Буга ачык мисал — ливан фунту. Андан өйдөңкү сапта россиялык рубль турат.

Анткен менен өтө жогору бааланган венесуэлалык боливардын акылга сыйгыс инфляцияга тушугуп, АКШнын мүмкүн болгон бардык санкцияларына кабылган", — дейт CMS Institute экономикалык жана каржылык иликтөөлөр департаментинин кызматкери Николай Переславский. Анын айтымында, акыркы жети жылда рубль кунуна геосаясат да таасир этүүдө. Россияга каршы санкциялар салынган, алардын кеңири таралуу тобокелдиктери да бар. Адатка айлангандай эле мунай баалары да роль ойнойт. Кара алтын кымбаттаган учурларда РФ Каржы министрлиги тарабынан валюталарды сатып алуу эрежеси да ага чагылбай койбойт.

Ошентип рублдин ашыкча бекемделишине жасалма түрдө бөгөт коюлат. Жалпысынан курсту түзүүчү саясат анын күчтөнүшүнө өбөлгө эмес.

Рубль кунунун орточо чабалдыгы чет өлкөгө чыгарылышынан түшкөн бюджеттик кирешелерди жогорулатат. Бул экономикада үстөмдүк кылган экспортчуларга да майдай жагат.

Кыйыр факторлор — дүйнөлүк каржылык рыноктордун ички саясаты жана маанайы.

"Санкцияларсыз россиялык валюта кеминде эле бир жарым эсеге кымбат бааланары туурасындагы ыктымал абдан жогору", — деп тактап өттү эксперт.

Кандай болгон күндө да жыл соңуна дейре баары бир доллар 70 рублден төмөндөбөйт. Ал эми саясий тобокелдиктердин айынан 80ге да чыгышы толук мүмкүн. Болду-болбоду, доллардын куну 73-77, евронун курсу 85-90 рубль чегинде калары турулуу иш.

74
Белгилер:
Россия, рубль, доллар, баалар, валюта
Тема боюнча
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
ИИМ кызматкери. Архив

Бизнести да текшерет. Өкмөт аймактык тескөөчүлөрдүн укуругун узартканы жатат

105
(жаңыланган 11:22 05.08.2021)
Буга чейин Акылбек Жапаров аймактык тескөөчүлөргө кошумча укук берүү боюнча ченемдик актыларды иштеп чыгууну тапшырган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлигинде аймактык тескөөчү милиционерлердин укуктарын кеңейтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров ИИМге Салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактык тескөөчүлөргө кошумча укук берүү боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну тапшырган. Документти даярдоого бир айлык мөөнөт берген.

"Аймактык тескөөчү милиционерлер экономика тармагындагы мыйзам бузууларды (лицензиялык, уруксат кагаздары жана башка тармак) аныктап жана бөгөт коё алат", — деп айтышты ИИМден.

Аймактык тескөөчүлөргө экономикалык тармакты да кароого укук берүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү шарт. Андан улам бул максатта ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнү белгиленди.

105
Белгилер:
Акылбек Жапаров, аймак, укук, Берүү, жумушчу, топ, ИИМ
Тема боюнча
"Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу мыйзамы күчүнө кирди. Канчага кыскарат
Бизнес өкүлдөрү Садыр Жапаровго кайрылды. Себеби
Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медаль утту

Кыргызстандык окуучу Балкан математикалык олимпиадасынан коло байге утту

0
(жаңыланган 20:36 05.08.2021)
Бул сынакка Кыргызстандын атынан Бишкектеги төрт мектептен алты окуучу катышты. Алар 22 мамлекеттен келген окуучулар менен жарышты.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

  • Кыргызстанец Фёдор Корнияш завоевал бронзовую медаль на Балканской математической олимпиаде среди юниоров
    Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медаль утту
    © Фото / пресс-служба МОН КР
  • Кыргызстанец Фёдор Корнияш завоевал бронзовую медаль на Балканской математической олимпиаде среди юниоров
    Олимпиада 1-июлда башталып, 4-июлда жыйынтыкталган. Ага бардыгы болуп 22 мамлекеттен 128 окуучу катышкан.
    © Фото / пресс-служба МОН КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МОН КР
Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медаль утту

Олимпиада 1-июлда башталып, 4-июлда жыйынтыкталган. Ага бардыгы болуп 22 мамлекеттен 128 окуучу катышкан.

Кыргызстандык команданын курамы:

  • Абдумалик Турсунов, Келечек-MIT;
  • Актан Койчуманов, "Газпром-Кыргызстан" мектеби;
  • Максим Залепо, №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи;
  • Нурсултан Эшперов, "Газпром-Кыргызстан" мектеби;
  • Станкулов Илим, United World эл аралык мектеби;
  • Фёдор Корнияш, №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи.
0
Белгилер:
Кыргызстан, олимпиада, окуучу, мектеп