Статком: Кыргызстанда кээ бир азык-түлүктөр арзандады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЯрмарка на центральной площади во Владивостоке
Ярмарка на центральной площади во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Картошканын эң арзаны Өзгөн шаарында экени айтылды. Ал эми помидор менен бадыраңдын арзанын Покровка аймагынан (Талас району) жана Токмок калаасынан алууга болот.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстанда картошка, помидор жана бадыраң арзандады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети 18 калктуу конушка жүргүзгөн мониторингинде белгилүү болгонун билдирди.
Сельскохозяйственная ярмарка в Ялте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Сабиз арзандады. Азыр канчадан сатылып жатат?
Картошканын эң арзаны Өзгөн (31,98 сом), Баткен (34,75 сом) жана Исфана (35,99 сом) шаарларында катталган. Ошол эле учурда эң кымбат баа Бишкек (43,88 сом), Токтогул (44,13 сом) шаарлары жана Чаек айылында (45,60 сом) болгон.
Ал эми помидор менен бадыраңдын арзанын Покровка айылы (Талас району) жана Токмок шаарынан алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0