Ирандан 40 ири компаниянын өкүлү кызматташууну сүйлөшүү үчүн учуп келет

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР
Официальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Ирандын ишкерлери кыргыз-иран кызматташтыгы, инвестициялык долбоорлор, өз ара соода жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүүнү талкуулаганды ниет кылууда.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкекте эртең, 22-июлда, "Иран — Кыргызстан" бизнес-форуму өтөт.

Иш-чара Иран менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө туруктуу келишимди түзүүнүн алдында жана Кыргызстандын өнөр жай менен ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраевдин Тегерандагы жолугушуусунун натыйжасында өтөрү белгиленет.

"Атайын форумга катышуу үчүн Ирандын айыл чарба, өнөр жай, курулуш материалдары, тоо-кен, фармацевтика жана медициналык шаймандарды өндүрүү жаатындагы 40 ири компаниянын өкүлдөрүнөн турган ири делегация келет", — деп айтылат маалыматта.

Ирандын ишкерлери кыргыз-иран кызматташтыгынын алкагында инвестициялык долбоорлор, өз ара соода жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүүнү талкууламакчы. Андан сырткары, пластикалык хирургия менен ЭКО клиникасын, жер семирткичтерди чыгаруучу заводду, дары-дармек өндүрүүчү компанияны ачуу боюнча сүйлөшмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0