Нью-Йорк соту Centerra ишканасынын Кумтөр боюнча доо арызын четке какты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОзнакомление с деятельностью рудника "Кумтор" президента КР
Ознакомление с деятельностью рудника Кумтор президента КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Centerra компаниясы Кыргызстандын өкмөтү "Кумтөр" компаниясын сырттан башкаруу тууралуу чечим кабыл алган соң Нью-Йорк сотуна кайрылган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нью-Йорктун банкроттук боюнча соту канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөр кенинин активдерин жана банктагы эсебин убактылуу камакка алуу боюнча доо арызын четке какты. Бул тууралуу Law360 порталы жазды.

Бул боюнча отурум 19-июлда өткөрүлгөн. Доо арыз Centerra Gold Inc. компаниясы тарабынан АКШнын Банкроттук боюнча федералдык кодексинин 11-главасына ылайык берилген. Ишкананын атынан Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын өкүлү Жеймс Бромли чыккан. Виртуалдык отурум учурунда судья Лиза Г. Бекерман Кыргызстандын өкмөтү кеп болуп жаткан даттануу боюнча жакшы билбегенин, ага толук маалымат жеткирилиши керектигин белгиледи.

"АКШнын Мыйзамдар жыйнагынын 1608, 28-бөлүмүнө ылайык, экинчи тарапта даттануу тууралуу маалымат жана сотко чакыруу болбогондон кийин мен мүлктү камакка алуу боюнча чечим чыгара албайм", — деди судья.

Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Талашка түшкөн алтын: Кыргызстан өз байлыгын кантип кайтарып алды
Ал эми Бромли Кыргызстандагы соттук чечимдерге ылайык "Кумтөр голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компани" ишканаларынын жактоочулары өлкөдөн чыккан учурда камалышы мүмкүн экенин айтып, судьяны бул маселе боюнча тез арада чечим кабыл алууга чакырды. Ошондой эле Centerra ишканасынын жактоочусу Кыргызстандын соттору тарабынан чыгарылган өкүм компаниянын ишмердүүлүгүн улантуусуна дагы бөгөт коюшу керектигин айтат. Демек, кыргыз өкмөтү конфискациялаган мүлктү пайдаланууга болбойт. Анткен менен Кыргызстандын Arnold & Porter юридикалык компаниясында иштеген өкүлү Бенджамин Минц кыргыз өкмөтү эч бир мыйзамды бузбаганын айтууда. Анткени кылмыш иши козголгонго чейин, тагыраагы, 11-май күнү Жогорку Кеңеш өкмөткө ишкананы сырткы башкарууга алууга мүмкүндүк берген мыйзамды кабыл алган.

"Кыргызстан суверендүү мамлекет катары бул мыйзамдын аткарылышы боюнча бардык кадамдарды басып өттү", — деди Минц.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы активдерди камакка алуу боюнча иш буга чейин эле башталган арбитраждык процесстин алкагында каралышы керек. Ал эми банкроттук боюнча иштин козголушу мыйзам жагынан негизсиз болууда. Эки траптын тең аргументтерин уккан соң судья Бекерман кендин иштешине бөгөт коюуга негиз жок деген чечим кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0