Балыкчыда саатына 3 миң тоок сойгон ишкана ачылды. Сүрөттөр

© © SputnikКыргызстандагы бройлер канаттуулар фабрикасы
Кыргызстандагы бройлер канаттуулар фабрикасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Заводдо азыркы тапта 120 адам иштеп, саатына 3 миң тоок союуга жетишүүдө. Мында азырынча жылына 7,5 миң тонна даяр эт чыгаруу пландалып жатат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарында канаттууларды сойгон завод ачылды. Бул тууралуу ачылыш аземине катышкан жергиликтүү кабарчы билдирди.

© © SputnikТоржественное открытие первой в Кыргызстане птицефабрики бройлерного направления в Иссык-Кульской области. 21 июля 2021 года
Балыкчы шаарында канаттууларды союучу завод ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Балыкчы шаарында канаттууларды союучу завод ачылды
© © SputnikТоржественное открытие первой в Кыргызстане птицефабрики бройлерного направления в Иссык-Кульской области. 21 июля 2021 года
Жалпысынан 13 миллион долларга бааланган бул долбоор негизинен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жалпысынан 13 миллион долларга бааланган бул долбоор негизинен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган
© © SputnikТоржественное открытие первой в Кыргызстане птицефабрики бройлерного направления в Иссык-Кульской области. 21 июля 2021 года
Бул каражатка инкубаторий, тоок багуучу фабрика жана союучу завод курулган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул каражатка инкубаторий, тоок багуучу фабрика жана союучу завод курулган
1/3
Балыкчы шаарында канаттууларды союучу завод ачылды
2/3
Жалпысынан 13 миллион долларга бааланган бул долбоор негизинен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган
3/3
Бул каражатка инкубаторий, тоок багуучу фабрика жана союучу завод курулган
“Агрокуш” ишканасынын 10 ай мурун башталган бул долбоору толук кандуу ишке кирди. Заводдо азыркы тапта 120 адам иштеп, саатына 3 миң тоок союуга жетишүүдө. Жабдуулар Түркиянын жана Европанын үлгүлүү фирмаларынан алып келип орнотулган. Завод жылына 7 миң тонна даяр тоок этин бере алат”, — деп айтылат билдирүүдө.  

Жалпысынан 13 миллион долларга бааланган бул долбоор негизинен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Бул каражатка инкубаторий, тоок багуучу фабрика жана союучу завод курулган.

“Балыкчы шаарында жылына 9,5 миллион жумуртка чыгаруу кубаттуулугуна ээ инкубаторийде жумасына 55 миң жөжө чыгарылып, ал Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы тоок өстүрүүчү фабрикага жөнөтүлөт. Ал жерде 49 күн багылып, орточо тирүү салмагы 3,5 килограммга жеткенде бул жерге алып келип соёбуз”, — деди мекеменин генералдык директору Аскат Абдрахманов.  

Мында азырынча жылына 7,5 миң тонна даяр эт чыгаруу пландалып жатат. 2022-жылы баштала турган экинчи этапта жылына 22 миң тонна тоок этин чыгаруу көздөлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0