Доллар менен алтын арзандап, күйүүчү майдын баасы рекорддук чекке жетти

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМай куюучу жайдын кызматкери иш учурунда
Май куюучу жайдын кызматкери иш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда доллар арзандап жатканы менен күйүүчү май күн санап кымбаттоодо. Нефтетрейдерлер жакынкы эки айда анын баасы 6-10 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтууда.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстанда доллар, евро жана алтындын баасы бир аз төмөндөп, күйүүчү май кымбаттады.

Ушуну менен экинчи күн катары менен АКШ акчасы арзандап жатат. Шаршемби күнгө салыштырмалуу сатуу (84,65 сом сом) жана сатып алуу (84,27 сом) 11 тыйынга арзандады. Еврону сатып алуу (98,86 сом) 15 тыйынга, сатуу (100,25 сом) 13 тыйынга төмөндөдү. Теңге менен рублдин наркы билинер-билинбес гана өзгөрдү.

Күйүүчү майдын баасы:

"Роснефть":

  • АИ-92 — 53,4 сом;
  • АИ-95 — 56,8 сом;
  • Дизель майы — 48,5 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 53,5 сом;
  • АИ-95 — 57,5 сом;
  • Дизель майы — 48,5 сом.

Ал ортодо АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин биржалык баасы үч күн катары менен рекорддук көрсөткүчтө турганы белгилүү болду. Санкт-Петербург эл аралык товар-сырье биржасында бир тонна бензин 59 849 рублге бааланып, сутка ичинде 0,59 пайызга кымбаттады.

Ал эми алтын куймалары арзандап, бир граммы мурдагыга калыштырмалуу 61 сомго төмөн сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0