Буудайдын түшүмүн жыйноо. Архив

Өлкөдө буудай бир жыл ичинде дээрлик 40 пайызга кымбаттады

74
2020-жылдын акыркы айларынан бери Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады. Анын ичинде буудай дагы баасын көтөрүүдө.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Республикада буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

"Июль айынын аягына карата буудайдын баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен 29,15 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн далилдейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буудайдын чекене баасы орточо көрсөткүчтөн Бишкек (бир килограммы 31,46 сом), Токтогул (30,96 сом), Исфана (30,73 сом) жана Өзгөн (30 сом) шаарларында жогору болуп жатат. Ал эми арзан буудай Чаек айылында (бир килограммы 18 сом), Каракол (20,87 сом) жана Кара-Суу (23,59 сом) шаарларында сатылууда.

Бир ай ичиндеги бааны айта турган болсок, июлда буудай мурунку айга салыштырмалуу 3,4 сомго (13,1 пайыз) кымбаттаган.

74
Белгилер:
Кыргызстан, Буудай, баа, статистика
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.

Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп, кызматташчу өзгөчө багыттарды атады

181
(жаңыланган 15:09 28.11.2021)
Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн мамилесинин учурдагы абалын, саммиттин күн тартибине кирген долбоорлорду жана макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы боюнча сүйлөштү.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров
    Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов
    Анда Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы боюнча сүйлөштү.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту.
"Өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн мамилесинин учурдагы абалын, саммиттин күн тартибиндеги долбоорлорду, жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Садыр Жапаров Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендигин билдирген.

Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстанга учуп кеткен. Ашхабад шаарында президент Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

181
Белгилер:
саммит, Садыр Жапаров, Гурбангулы Бердымухамедов, жолугушуу
Тема боюнча
Садыр Жапаров Ашхабадга жетти. Аэропорттогу сүрөт, видео
Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси
Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео
Көмүр каптар. Архив

Бир ай ичинде көмүр 8 пайызга кымбаттаган. Статистика

21
Көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Көмүрдүн чекене баасы бир ай ичинде 8,4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

25-ноябрдагы маалымат боюнча, көмүр үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалуу 8,4 пайызга кымбаттап, тоннасы орто эсеп менен 5 617 сомдон сатылууда.

Эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн 10 миң сом), Баткен (9 524 сом) жана Исфана (8 099 сом) шаарларында катталды. Ал эми минималдуу баа Чаек айылында (3 миң сом), Балыкчы (4 049 сом), Нарын (4 449 сом) жана Кара-Балта шаарларында (4 500 сом) болууда.

Белгилей кетсек, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен. Учурда бул эреже сакталышы үчүн тиешелүү органдар маал-маалы менен көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүүдө.

21
Белгилер:
Кыргызстан, көмүр, баа, кымбатчылык
Тема:
Бишкектеги 3 миң сомдук көмүр
Тема боюнча
Буларда арзан эмес. Бишкекте көмүр саткан базалардын даректери
Казакстандан Шабыркүл көмүрү көп келе баштайт. Кайдан канчага сатып алса болот
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме