Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бизнес өкүлдөрү Садыр Жапаровго кайрылды. Себеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Ишкерлер өкмөт парламенттин каникулга кетип жатканынан пайдаланып, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү мыйзамын шашылыш түрдө өткөрдү деп эсептейт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы бизнес-коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жогорку Кеңеш үч окуудан жактырган экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзамга кол койбошун өтүнүп жатат. Бул тууралуу ишкерлер Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Экономикага өзгөчө кырдаал абалын киргизүүнүн таасири кандай болушу мүмкүн" аталышындагы брифингде айтышты.

"Бизнес коомчулугу менен макулдашуу процесси болбой, мыйзам бир тараптуу негизде кабыл алынды. Министрлер кабинети парламенттин каникулга кетип жатканынан пайдаланып, мыйзамды шашылыш түрдө өткөрүп алды. Учурда биз президенттен бул документке кол койбой, кайра иштеп чыгууга жөнөтүүсүн суранабыз", — деди Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков.

КР президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин адиси Айдарбек Мамбеткадыров бизнес өкүлүнүн пикирин колдой турганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда кийин эки анжы пикир жарата турган түшүнүксүз жерлери бар. Мамбеткадыров кошумчалагандай, мыйзам долбоору кабыл алынардын мурда коррупцияга каршы экспертизадан өткөн эмес.

Зал заседаний Жогорку Кенеша. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өлкө экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган. Анын айтымында, мындай сунуш киргизүүгө дагы деле коркунуч жаратып турган пандемиянын экономикага тийгизген терс таасири себеп болгон. Министр түшүндүргөндөй, бул режим салыктардын ставкасын өзгөртүүгө жана өтө зарыл учурда бюджетти Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле бөлүштүрүүгө шарт түзөт.

Депутаттар каникулга кетер алдында аны үч окуудан тең өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0