АИ-92 үлгүсүндөгү бензин Кыргызстандын кайсы аймагында арзан

© Sputnik / Алексей Сазонов / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Июль айынын соңунда Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы күтүлүп жатканын айткан.

БИШКЕК, 6-авг — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулар арасында популярдуу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир жыл ичинде 1,6 пайызга өсүп, июль айында 53,32 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ал эми дизелдик майдын литри 48,11 сомго жетип, дээрлик 1,4 эсеге кымбаттады.

Бишкекте сатылган батирлердин баасы июль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн июлдагы баасы
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн Исфана (бир литри 57,75 сом), Баткен (57,12 сом), Ноокат (56,10 сом) шаарларында жогору болуп турат.

Ал эми төмөн баалар Талас (бир литри 51,69 сом), Нарын (46,24 сом), Токмок (51,46 сом) калааларында катталды.

Июль айынын соңунда Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы ыктымалдыгын айткан. Буга өткөн айларда россиялык заводдордо бензиндин тоннасы 70 долларга, дизель майыныкы 60 долларга кымбаттаганы себеп болгон. Бул күйүүчү майлардын бир литринин үстүнө 5,5 жана 4,2 сомдон кошулат дегенди түшүндүрөт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0