Россия Кыргызстанга салыкты фискалдаштыруу жабдууларын алып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Биринчи партияда фискалдык маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу, аналитикалык система жана тиркемелердин сервери берилди.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Cалык кызматы Россиядан кайтарымсыз техникалык жардамдын алкагында жабдуулардын биринчи партиясын алды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
"Кыргыз темир жолу" жаңы вагондор менен тепловоздорду сатып алат
Буга чейин Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосунда КРде салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.

Ага ылайык, Салык кызматына маалыматтык база сервери, фискалдык маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу, аналитикалык система жана тиркемелердин сервери өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле жакынкы арада эсеп-кысап инфраструктурасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жабдууларды, ошондой эле ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун жүргүзүү үчүн контролдук-кассалык машиналардын үлгүлөрүн жеткирүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0