Железная дорога. Архивное фото

Жапаров Борбор Азияда транспорттук байланышты жакшыртуу боюнча сунуштарды айтты

131
(жаңыланган 15:28 06.08.2021)
Садыр Жапаров Борбордук Азия аймагын дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар экенин белгиледи.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Келечектеги "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолу Евразия темир жол түйүнүнүн Борбор Азия тилкесиндеги маанилүү линияларынын бири болуп калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түркмөнбашы шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып айтты.

Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жапаров Борбордук Азия аймагын дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар экенин белгиледи.

"Эл аралык автомобиль жана темир жолдорду кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды куруу регион үчүн приоритеттүү мааниге ээ. Ошондой эле унаа жолдору менен жүк ташууну өнүктүрүү, ташуу чыгымдарын кыскартуу аймак аркылуу өтүүчү транспорттук коридорлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Кыргызстанда эл аралык стандарттарга туура келген транспорт инфраструктурасы активдүү өнүгүп жатат. Түндүк — Түштүк транзиттик унаа жолу курулууда", — деди Жапаров.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү Кытай, ЕАЭБ, ЕБ өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик жүктөрдү Карачи жана Бандер-Аббас портторуна жеткирүүдө кыска убакытты жана арзан чыгымды камсыз кылууга жөндөмдүү болгон транзиттик коридорлорду белгиледи.

"Евразия темир жол инфраструктурасын куруунун жана модернизациялоонун зарылдыгын белгилөө керек. Кыргызстан бул инфраструктуранын бир бөлүгү болууга кызыкдар. Мындан сырткары, Борбор Азияда мультимодалдык транспорттук коридорлорду пайдалуу колдонуу үчүн суудагы жана жердеги транспорт ортосундагы функционалдык шайкештикти биргелешип иликтөөнү сунуштайбыз", — деди Жапаров.

Президент соода тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү максатында өкмөт башчылардын соода маселелери боюнча иш алпарган орун басарларынын деңгээлинде беш тараптуу өкмөттөр аралык комиссия түзүү маселесин карап чыгууну сунуштады.

Эске салсак, учурда президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда. Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт жана коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

131
Белгилер:
Кыргызстан, Борбордук Азия, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Деңиздеги сейилдөөдөн кайткан Борбор Азия президенттери. Фотофакт
Жапаров саммитте Борбор Азия өлкөлөрүн өнүктүрө турган негизги факторду атады
Кийинки жылы Кара-Балтада текстиль фабрикасын ачуу пландалууда

Кара-Балтада 1000 адам иштей турган текстиль фабрикасын ачуу пландалууда

86
(жаңыланган 19:51 03.12.2021)
Фабрика Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизилип, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кийинки жылы Кара-Балтада текстиль фабрикасын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Инвестициялар агенттиги билдирди.

  • Строительство текстильной фабрики в Кара-Балте на базе простаивающего Кара-Балтинского коврового комбината
    Кийинки жылы Кара-Балтада текстиль фабрикасын ачуу пландалууда
    © Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
  • Строительство текстильной фабрики в Кара-Балте на базе простаивающего Кара-Балтинского коврового комбината
    Аны Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизүү каралган, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт
    © Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
  • Строительство текстильной фабрики в Кара-Балте на базе простаивающего Кара-Балтинского коврового комбината
    Аталган долбоор 25 миллион долларга бааланууда, аны жүзөгө ашырууга түркиялык инвесторлор каражат берет
    © Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
  • Строительство текстильной фабрики в Кара-Балте на базе простаивающего Кара-Балтинского коврового комбината
    Агенттик билдиргендей, учурда фабриканын курулушуна 400 миң доллар бөлүндү.
    © Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
Кийинки жылы Кара-Балтада текстиль фабрикасын ачуу пландалууда

Аны Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизүү каралган, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт.

Аталган долбоор 25 миллион долларга бааланууда, аны жүзөгө ашырууга түркиялык инвесторлор каражат берет. Агенттик билдиргендей, учурда фабриканын курулушуна 400 миң доллар бөлүндү.

"Ишкананын уникалдуулугу ар тармактуу экенинде. Мында калдыктар чыгарылбайт. Текстилдик калдыктардан кайра иштетүү жолу менен жип чыгарып, ал жиптен материал токулат", — деп жазылган маалыматта.

Фабрика толук иштеп баштагандан кийин 800-1000 адамга жумуш оруну түзүлөрү айтылды.

86
Белгилер:
Кара-Балта, фабрика, текстиль, долбоор
Тема боюнча
Түптө 200 киши иштеген тигүү фабрикасы ачылып, ага Жапаров катышты
Балыкчыда саатына 3 миң тоок сойгон ишкана ачылды. Сүрөттөр
Кумшекер. Архив

ЕАЭБ өлкөлөрүнө кумшекер ташыгандар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат

22
Жыйында бажылык жөнгө салуу, соода, өнөр-жай жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан 18 маселе талкууланган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев баштаган делегация Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынына катышты.

Жолугушуунун алкагында маалыматташтыруу, бажылык жөнгө салуу, соода, өнөр-жай жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан 18 маселе талкууланган.

"ЕЭКтин кеңеши 2022-жылдын 1-январынан 31-августуна чейин кумшекерди бажы төлөмдөрүсүз ташып келүү тууралуу тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле "Алкоголдук продукция коопсуздугу жөнүндө" ЕАЭБдин техникалык регламенти өзгөртүлдү. Ага ылайык, регламентти күчүнө киргизүү мөөнөтү 2022-жылдын 1-январынан 2024-жылга чейин узартылды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, кийинки жылы ЕЭКтин 10 жылдыгын белгилөө программасы бекитилди.

 

22
Белгилер:
ЕЭК, Кумшекер, бажы төлөмдөрү, бошотуу
Тема боюнча
ЕЭКтин кеңешинде жактырылган актылардын долбоорлору. Тизме
Кыргызстанда кумшекер боюнча абал кандай экени айтылды
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

0
(жаңыланган 00:10 04.12.2021)
Телефон менен сүйлөшүүдө Путин Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен да куттуктап кеткен.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Жапаров элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берип, Россияга шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышып, мекендештердин добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле "Спутник-лайт"  вакцинасынын кезектеги партиясын жеткиргендиги үчүн рахматын айткан.

Өз кезегинде Путин Жапаровду шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалаган. Ошондой эле Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктаган. Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантуу чечимин бекемдешти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Садыр Жапаров, Владимир Путин, сүйлөшүүлөр
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров: БШК бийлик кысым кылганын айтса, отставкага кетем
Бюллетендердин 99%ы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар өттү