Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы рекорддук көрсөткүчкө жетти

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Буга чейин январь-июнда акча которуулардын жогорку чеги 2018-жылы байкалып, дээрлик 1 миллиард 230 миллион сомго жеткен.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанга быйылкы жарым жылдыкта чет жактан 1 миллиард 253,2 миллион доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.

Мында жеке тараптар акча которуу системасы аркылуу гана жөнөткөн каражат эсептелген.

Былтыр январдан июнга чейин өлкөгө 977,3 миллион доллар которулган болчу.

Жыл башынан берки маалыматтар 2020-жылдын ушул мезгилине (кашаанын ичинде) салыштырылган:

  • январь — 151,5 миллион доллар (3 миллионго көп);
  • февраль — 177,1 миллион (12 миллионго көп);
  • март — 214,3 миллион (70,3 миллионго көп);
  • апрель — 216,3 миллион (139,9 миллионго көп);
  • май — 227,2 миллион (61,9 миллионго көп);
  • июнь — 266,9 миллион (11 миллионго аз).

Жубайлар насыя төлөөнүн графигин карап жатышат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Мөөнөтү өтүп кеткен насыялардын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти
Муну менен акча которуулардын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу июнда дагы солгундаганын байкоого болот. Бирок ага карабай жалпы алты айлык көрсөткүч рекорд жаратты.

Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу акча которуунун көлөмү кескин азайып кеткен. Мындай айырма апрель айында өтө чоң болгон. Азыркы тапта өнөктөш мамлекеттерде бир топ карантиндик чектөөлөр алынды.

Буга чейин биринчи жарым жылдыкта акча которуулардын жогорку чеги 2018-жылы байкалып, дээрлик 1 миллиард 230 миллион сомго жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0