Америкалык компания "Кыргыз алтынды" 1 миллион долларга сотко берди 

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Учурда Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясы "Кыргыз алтынга" коюлган айыптоолорду иликтеп жатат. Мыйзам бузуулар аныкталса ишкананын ишине терс таасирин тийгизери айтылат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Финансылык кызмат көрсөткөн америкалык StoneX Group Inc. компаниясы "Кыргыз алтын" ААКсын 1 миллион долларга сотко берди. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.

Доо арыз Лондондогу соттордун биринде каралат. Басылманын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын май айында "Кыргыз алтын" жарым тонна алтындын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратып, 29 миллион долларды алып алууга аракет жасаган.

"StoneX компаниясы "Кыргыз алтын" соодагерге Wells Fargo банктык компаниясындагы эсебине каражат которуу талабы менен эсеп-фактурасын жөнөткөнүн ырастап жатат. Акыркысы Wells Fargo & Co деп жазылышы керек эле", — деп жазылат гезитте.

Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясы "Кыргыз алтынга" коюлган айыптоолорду иликтеп жатат. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, ишкана ишенимдүү компаниялардын катарынан чыгып, эл аралык алтын базарларда соода кылууга тыюу салынышы мүмкүндүгү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0