Медиктер. Архив

Медиктердин айлыгын көбөйтүүгө бюджеттен канча каражат кеткени айтылды

736
Бюджетке түшкөн жалпы каражаттын ичинен Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду саламаттык сактоо уюмдарын каржылоого 7 миллиард 846 миллион сом сарптаган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун "Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу" жарлыгына ылайык, медиктердин айлыгын көтөрүүгө 378,1 миллион сом багытталды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Ал 1-июлдан баштап медкызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга өскөнүн белгилеген.

Первый заместитель председателя Фонда обязательного медицинского страхования Клара Оскомбаева во время брифинга в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева
"Бюджетке түшкөн жалпы каражаттын ичинен ММК фонду саламаттык сактоо уюмдарын каржылоого 7 миллиард 846 миллион сом сарптады. Бюджеттик каржылоодон тышкары саламаттык сактоо уюмдары калктан кошумча-төлөм түрүндө түшкөн 320,3 миллион сомду жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн келген 346,8 миллион сом алышкан", — деди Өскөмбаева.

Саламаттык сактоо уюмдары алынган каражаттын жалпы суммасынан 7 миллиард 445 миллион сом керектеген.

Алар:

  • 5 миллиард 104 миллион сом медициналык кызматкерлердин айлык акысына жана Социалдык фондго чегерүүлөргө (68,6 пайыз);
  • 1 миллиард 26 миллион сом дары-дармек каражаттарын сатып алууга (13,8 пайыз);
  • 315,6 миллион сом тамак-аш азыктарын сатып алууга (4,2 пайыз);
  • 378,6 миллион сом коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө (5,1 пайыз);
  • 79 миллион сом транспорттук чыгымдарга (1,1%), анын ичинде Тез жардам кызматы үчүн бензинге;
  • ошондой эле башка кызматтар үчүн 541,4 миллион сом сарпталган.
736
Белгилер:
милдеттүү медициналык камсыздандыруу, фонд, медик, айлык, каражат
Тема боюнча
COVID-19га кабылган медиктерге компенсация башка эреже менен төлөнө баштайт
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

323
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

323
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
Товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз

15
Товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу үчүн шарт түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.

Маркалоону өз убагында жүргүзбөсөк ЕАЭБ рыногуна товарларды сата албай калабыз. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз

Анын айтымында, учурда маркалоо иштери ЕАЭБ өлкөлөрүндө кызуу жүрүп жатат.

"Мамлекеттен жардам албай ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөндөр көп. Тескерисинче, мамлекеттик органдар "баса калып" текшерет. Мындан улам алар көмүскөгө кетип калышууда. Бирок ошолордун баарын начар, акылы жок адамдар деп ойлобош керек. Анткени бардык ишкер легалдуу, ачык иш алып баргысы келет. Ошол эле учурда ачыкка чыгууга тийиштүү шарт түзүлгөн эмес. Андыктан көмүскө экономиканы ачыктоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүп, атайын программа же кадамдар ишке ашуусу зарыл. Эң башкысы, товарларды маркалоону жолго салуу шарт. Себеби ЕАЭБдин алкагында бул иштер кызуу жүрүп жатат. Эгерде алдын ала даярдык көрбөсөк, кийин кеч болуп калат. Учурда Россияда, Беларуста, Арменияда, Казакстанда товарларды маркалоо иштери өз нугунда жүрүүдө. Бизде бул боюнча иш негизинен ыктыярдуу болуп жатат. Эртеңки күнү милдеттүү маркалоо талап кылынса, ишкерлер аны жасап жетишпейт. Натыйжада ЕАЭБ рыногуна товарларды сата албай калат", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал маркалоо экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн жакшы мүмкүндүк түзөрүн кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

15
Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, маркалоо, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кемелова: "Чек арасыз жумуш" тиркемеси ЕАЭБ алкагында иш издөөнү жеңилдетет