Өлкөдөн сыртка чыгарылган каражат жарым жылда рекорддук көрсөткүчкө жетти

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Улуттук банктын маалыматына караганда, эски жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөдөн которулган каражат 39 миллион сомго көп.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандан 252,4 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.

Буга чейинки жылдардын алты айындагы маалыматтарын салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорд деп эсептелет. Сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39 миллион сомго көп.

Январь-июнь айларындагы маалыматтар (каражаттар сыртка 200 миллиондон көп чыккан жылдар көрсөтүлгөн):

  • 2020 — 216,6 миллион доллар;
  • 2019 — 247,6 миллион;
  • 2018 — 238,4 миллион.
Жаңылыктар түрмөгү
0