Президенттик администрация 6 облуска барып, ишкерлердин көйгөйүн укту

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨлкөнүн аймактарындагы ишкерлер
Өлкөнүн аймактарындагы ишкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Жолугушууда бизнеске көмөк көрсөтүү, аймактарды жана өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча жалпы ойлор айтылып, сунуштар каралды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Президенттик администрациянын кызматкерлери Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) менен биргеликте Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен бир катар жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда чакан жана орто бизнеске көмөк көрсөтүү, аймактарды жана өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча жалпы ойлор айтылып, алгылыктуу сунуштар каралды. Бул жолугушуулардын башкы максаты — алыскы тоолуу аймактардагы ишкерлерди түйшөлткөн орчундуу маселелерди талдоо.

Жолугушууда ишкерлер көтөргөн маселелер:

  • Бизнести түптөөдө жана аны өнүктүрүүдө маанилүү болгон каржы маселеси, жер тилкелерин трансформациялоо, жүк ташуу, өндүрүлгөн продукцияны сатуу, энергетикага, жергиликтүү бюджеттин каражатына, бийлик органдарына байланыштуу маселелер;
  • Ветеринардык инспекция, ижарага берилген талаш-тартыш жайыт жерлер кыйынчылык жаратууда;
  • Уруксат документтерин алууда бюрократиялык тоскоолдуктардан улам Бишкек жана башка шаарларга барууга туура келүүдө;
  • Жүндү жана булгарыны иштетүү курч маселелердин бири;
  • Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен иштетүүчү компаниялар тарабынан түшүп жаткан каражатты натыйжалуу пайдалануу. Аны аймактардагы ишкердикти колдоо жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жумшоо;
  • Каржылык сабаттуулукту жогорулатууну шарттаган тренингдерди уюштуруу керек. Мындай сабактар аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражатын туура пайдаланууну үйрөтөт.

Президенттик администрация айтылган сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынып, караларын убадалаган.

Ошол эле учурда министрликтер менен ведомстволорго инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнүн абалын жакшыртуу милдеттери коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0